Жоламандын күрөшүнө олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов баа берди

Грек-рим күрөшүнөн Россиянын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Жоламан менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "кыргызстандык иним" деп атаган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов Кыргызстандын балбаны Жоламан Шаршенбековдун Дүйнө кубогу мелдешинде чемпион болгонун жогору баалады. Россия курама командасынын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Жоламан менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "кыргызстандык иним" деп атаган. 

"Бул менин иним, Күнөстүү Кыргызстандын кулуну Жоламан Шаршенбеков. Мыкты күрөшкөн балбан. Степан Марянян менен кармашы Дүйнө кубогу мелдешинин көркү болду. Килемдин арстандары!" — деп сүрөттүн астына билдирүү калтырган.

Власов буга чейин Шаршенбековдун социалдык баракчасындагы постуна билдирүү жазган болчу.

UWW Тыныбекованын атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атады. Видео
Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болду. 60 килограмм салмактын финалдык беттешинде ал россиялык Степан Марянянды утуп алды. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков 2018-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль уткан. 55 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан чечүүчү кармашта азербайжандык Элдениз Азизлиге жеңилген