Сценарийи жатаканада жазылган. "Бакайдын жайытындагы" сейрек сүрөттөр

Sputnik

Ошол картиналарды жаратуу учурундагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги окурмандарга тартууламакчы.

Бул ирет кыргыздын таланттуу режиссерлорунун башында турган Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" көркөм фильми жөнүндө сөз кылып, андагы мыкты сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Жогорку окуу жайын бүтүүгө камынып жаткан Океев 1965-жылы "Бакайдын жайыты" деп аталган кинокартинаны тартууга бел байлаган. Аталган эмгек 30 жаштагы режиссердун дипломдук иши болуп, анын сценарийин Кадыркул Өмүркулов менен биргеликте жатаканада жашап жүрүп жазган. Операторлукту Кадыржан Кыдыралиев аркаласа, композитору Таштан Эрматов болгон.

Айылдашына таасирленип актер болгон. Алп талант Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү

"Бакайдын жайыты" 1965-66-жылдары Суусамыр жайлоосунда тартылып, Ага Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Назирет Дубашев жана жазуучу Бексултан Жакиев катышкан.

Жаш киночу кесиптештери менен жайлоодогу жылкычы Бакайдын турмушун, карапайым элдин тиричилигин көргөзгүсү келген. Анда Океев кыргыздын көчмөн жашоосун жана кылымдарды карытып келген адамдардын мамилесин жогорку чеберчиликте чагылдыра алган.

Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери

"Бакайдын жайыты" көрүүчүлөргө сунушталганда чет элдик сынчылар жогорку баасын берип, бүткүл союздук жана дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон.

Алсак, Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда бир катар абройлуу сыйлыктарга татып, жыйынтыгында советтик 100 мыкты кинонун катарын толуктаган.

1 / 13
Кинофильмди тартууда желеге кулундарды байлоого аракет кылган Муратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов
2 / 13
Жолчуларга кымыз берип отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов
3 / 13
Бүркүт. Суусамыр жайлоосундагы Урум апа менен анын кичүү уулу Калык.
4 / 13
Теңдеши жок ирмем! Кинокартинада башкы каарман жылкычы Бакайдын образын жараткан гений актер Рыскулов.
5 / 13
Он жаштагы Назирет Дубашев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
6 / 13
Күйүгүп калган аксакалды тургузууга аракет кылган актерлор
7 / 13
Ээн талаада жылкыларды удургута айдаган киночулар жана автоунаанын үстүндөгү оператор
8 / 13
Жылкыларын чогултуп, суу боюнда отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов
9 / 13
Алымдын образын жараткан Советбек Жумадылов кичинекейи менен
10 / 13
Артисттерге кеп-кеңеш берген режиссер Төлөмүш Океев
11 / 13
Жылмайган режиссер Төлөмүш Океев жана оператор Кадыржан Кыдыралиев
12 / 13
Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул. Кинофильмдеги эмоционалдык оор кадрлардын бири.
13 / 13
Тынуугу маалында боз үйдүн жанында эс алган Төлөмүш Океев, актер Советбек Жумадылов жана монтажер Ракия Шершенова. 1966-жыл, Суусамыр жайлоосу.