Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Премьер-министр Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы түзүлдү. 28-октябрда алар ант берип, кызматтарына киришти.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өкмөттүн жаңы мүчөлөрү кайсы окуу жайды аяктап, кайсы адистиктин ээси экенине кызыгып көрдү.

Садыр Жапаров, премьер-министр

1986-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия университетине тапшырган. Орто жолдон армияга чакырылып, кызмат өтөп келип, окуусун 1989-жылы кайра уланткан.

2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктаган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Артем Новиков, биринчи вице-премьер

Балтика мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Кесиби — экономист-менеджер.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Эльвира Сурабалдиева, вице-премьер

2000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктаган.

2003 — Улуу Британиянын Бристоль университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча бүтүргөн.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Равшан Сабиров, вице-премьер

1991-1996 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерциялык факультетин аяктаган. Кесиби — соода-сатык боюнча адис;

1997-1999 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин бажы жана юридика кадрларын даярдоо факультетин бүтүргөн;

1997-1999 — Россиядагы бажы академиясын аяктаган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Максат Мамытканов, вице-премьер

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит факультетин бүтүргөн.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Бактыбек Аманбаев, өкмөттүн аппарат жетекчиси

Кыргыз улуттук университетинде билим алган. Кийин ушул эле университеттин аспирантурасында саясат таануу факультетин бүтүргөн. Мындан тышкары, президенттин алдындагы Бизнес жана менеджмент боюнча Бишкек эл аралык мектебинин "иштиктүү администрациялоо боюнча магистр" адистигин, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган. АКШдагы Кеннеси университетинде да окуган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Марат Жаманкулов, юстиция министри

2001 — Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин аяктап, аталган университеттин аспиранты болгон. Кесиби — юрист.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри

1991 — Фрунзенин политехникалык институтун аяктаган;

2002 — Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн;

2004 — Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктаган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Нуржигит Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министри

АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана массалык коммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Кыялбек Мукашев, финансы министри

1994 — Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "экономикалык жана социалдык пландаштыруу" адистиги боюнча аяктаган;

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Бакыт Бердалиев, транспорт жана жолдор министри

Ош технологиялык университетин жана президенттин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. Адистиги "экономика жана менеджмент".

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

Томск мамлекеттик университетинин "инженер, химик-технолог" адистигин аяктаган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин да бүтүргөн.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Жыргалбек Сагынбаев, Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрагасы

КГУСТА окуу жайын аяктаган. Ошондой эле дипломатиялык жана юридикалык билими бар.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Алтынбек Исмаилов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы

Борбор Азиядагы Америка университетинин банк иштери, Колумбия университетинде экономикалык өнүгүү адистигин аяктаган.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Эрлис Тердикбаев, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы

Алматыдагы жогорку аскер командалык училищесин жана Россиянын куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.

2014 — Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.

Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине азырынча жаңы жетекчи дайындала элек.