Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

Бүгүн, 24-октябрда, КР дипломаттары кесиптик майрамын белгилеп жатат. Колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлүп, алгачкы дипломаттар кантип тапталганын баяндап берди.
Sputnik

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Бириккен Улуттар Уюму негизделе баштаган. 1945-жылы 4-11-февралда Ялта шаарында Гитлерге каршы күрөшкөн өнөктөш державалардын башчылары Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт жана Уинстон Черчилль жолугуп, БУУ түзүү тууралуу сүйлөшкөн. Ошон үчүн 1944-жылы Советтер Союзунун жетекчиси Иосиф Сталин көрөгөчтүк кылып 15 союздук республикада Тышкы иштер министрликтерин түптөгөн. Анын максаты БУУда көпчүлүктү түзүү болчу. Ошентип 1944-жылы 17-марттан тарта Кыргыз ССРинин ТИМи иштей баштаган.

Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых

Кыргыз элинин тунгуч дипломаты Закон Турдукулов

(1928-1974)

Алгачкы карлыгач дипломат тууралуу уулу Феликс төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

— Атам кыргыз жаштарынын ичинен биринчилерден болуп Кыргыз мамлекеттик университетиндеги чет тилдер факультетинин англис тил бөлүмүн бүтүргөн. 1956-жылы жетекчилик анын зиректигин байкап Фрунзе шаарындагы комсомол аткаруу комитетинин биринчи катчылыгына дайындайт. 1957-жылы Москвада жаштар менен студенттердин VI дүйнөлүк фестивалына катышкан атамдын чет элдик делегациялар менен бат тил табышканын жана уюштуруу сапаттарын жетекчилик байкайт. 1958-жылы борбор аны жарым жылда дипломатия кызматына даярдоо үчүн Москвадагы эл аралык институту менен Советтер Союзунун ТИМине жөнөтүп, атам билимин жогорулатат. Ошол эле жылы алты ай Лондондо англис тилин дагы тереңдетип үйрөнөт.

1959-жылы ал Ирактагы совет элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындалат. Ошентип советтик дипломатияда кыргыздын ичинен алгачкы карлыгачы атам болду. Ал Жакынкы Чыгышта да элибизден чыккан биринчи дипломат эле. Себеби Иракты 1921-жылдан баштап 1958-жылга чейин Мухаммед пайгамбардын тукумдары Хашимит династиясы башкарган. 1944-жылы бул мамлекет СССР менен дипломатиялык мамиле түзүп, 11 жылдан кийин Москва менен бардык алаканы үзөт. 1958-жылы 14-июлда аларга каршы генерал Абдель Керим Касем тарапкерлери менен кутум уюштуруп, жыйынтыгында падышанын үй-бүлөсү жана буларга жакын элитанын көпчүлүгү өлтүрүлөт. Генерал Касем бийликке келип, республика түптөлгөнү тууралуу жарыялап, Советтер Союзу менен дипломатиялык мамилени кайрадан жандандырат. Ошол эле учурда Ирактын АКШ жана Улуу Британия менен мамилеси начарлайт. Бир жыл Багдадда атама жергиликтүү котормочу араб тилин үйрөтөт. Ошол эле учурда элчиликтеги жумуштан сырткары ал Ирактын борборундагы типографиялардын бирине жөнөкөй жумушчу болуп орношуп араб тилин дагы өркүндөтөт. Бир жылдан кийин атам араб тилинде эркин сүйлөп, жазганды үйрөнөт. Өлкөнүн ак сөөктөрү жана калктын башка катмары менен бат тил табышып, расмий Багдад менен Москванын ортосундагы мамилени чыңдоого зор салымын кошот. Мындай ийгиликтери үчүн СССРдин ТИМинин экинчи катчы наамы ыйгарылат. Ошол эле убакта атам Ирактын ички жана тышкы саясатынын багытын тыкыр изилдеп, Москвага так маалымат берип турган. 1961-жылы 7-ноябрда атам совет элчилигинде Улуу Октябрь революциясына байланыштуу салтанаттуу кече өткөрөт. Белгилей кетчү жагдай, дүйнөлүк дипломатияда мындай вазыйпаны элчи аткарат. Баш-аягы атам Иракта беш жылга жакын иштеди. Ал бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу илимий эмгегин жазып баштаган. СССР ТИМинин жетекчилиги аны Того республикасына (Батыш Африка) элчи кызматына сунуштаган. Бирок бул сунуштан атам үй-бүлөлүк шартка байланыштуу баш тартууга аргасыз болгон.

Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү Атабеков: ТИМ ишин 8 киши менен баштаган

СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси Полот Искаков

(1931-2015)

(Полот Искаковдун "Дипломат Советского Союза. Тридцать лет на дипломатической службе" аттуу өмүр баяны жөнүндө жазган китебинен үзүндү) 

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

— 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин геология-географиялык факультетин аяктадым. Адегенде Кыргыз ССРинин комсомолунун Борбордук комитетинде иштедим. Бул кызматка мени Закон Турдукулов чакырган. 1961-жылы жетекчилик Москвадагы Советтер Союзунун ТИМинин курамындагы Жогорку дипломатиялык мектебине жиберди. Ушул жогорку окуу жайда француз тил бөлүмүндө үч жыл окудум. 1963-жылы Тунистеги СССРдин элчилигинде үч ай практика өттүм. Анткени 1881-1956-жылдары бул мамлекет Франциянын карамагында болчу. 1964-жылы Дипломатиялык мектепти ийгиликтүү аяктаган соң кайрадан мени Тунис Республикасындагы Советтер Союзунун элчилигинин үчүнчү катчылыгына дайындашты. (Белгилей кетчү жагдай, Полот Искаков Түндүк Африкада теги кыргыз дипломаттардын ичинен биринчи болуп иштеген — ред.). Тунисте маданий, ар түрдүү коомдук, саясий уюмдар менен байланыштар, экономиканын айрым тармактары жана консулдук багыт боюнча иштедим. Бир ирет Тунис шаарындагы жашаган теги орус ак эмигрант элчиликтин кеңсесине келип мени менен жолукту. Ал улуу орус композитору Сергей Рахманиновдун жеке катчысы экен. Бул эмигрант анын айрым күндөлүктөрүн, жазмаларын, фотографияларын жана ноталарын СССРдеги музейге өткөрүп берүүнү өтүндү. (1943-жылы Сергей Рахманинов АКШда каза болуп, сөөгү Нью-Йорк калаасынын жанындагы Кенсико көрүстөнүнө коюлган — ред.). Катчынын өтүнүчүн орундатып, элчи менен кеңешип, жогоруда айтылган архивди кабыл алып, Москвага жибердим. Ошентип Рахманиновдун баа жеткис мурасы Ата Мекенине кайтты.

CCCРдин БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүндө үчүнчү катчы жана Мексикадагы Советтер Союзунун элчилигинин биринчи катчысы Талгарбек Сарбанов

(1927-2005)

(Архивдик материал) 

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

— 1957-жылы Ош облусунун комсомол комитетинде иштеп жүргөн учурда Фрунзеге жумуштарым менен келдим. Мени ошол убактагы Кыргыз ССРинин башчысы Искак Раззаков чакырды. Ал СССРдин ТИМинде иштөөнү сунуштады. Себеби советтик дипломатияда кыргыздар жокко эсе экен. "Ошко учуп барып жубайың менен кеңешип, кечинде жообуңду бер", — деди Искак Раззакович. Учуп келип, дароо эле Ош облусунун жетекчиси Борис Яковлев менен кеңештим. Ал: "Балам, эч ойлонбой Раззаковдун сунушуна макул бол, адамдын өмүрүндө мындай сунуш бир гана жолу болушу мүмкүн, бул оң ийниңе конгон дөөлөт", — деп сүрөп кетти. Эртеси Раззаковго макулдугумду берип, телеграмма жибердим. Дипломатияга жолдомо берген Искак Раззакович менен Борис Павловичке терең ыраазымын. Ошентип Түндүк жана Түштүк Америкада иштеген кыргыздан чыккан биринчи дипломат болдум.

Университетте ким болорумду билбей эле окугам. Элчи Нургазы Кемелбаев менен маек

Египет Араб Республикасында СССРдин мамлекеттик киносунун бүткүл союздук "Совэкспортфильм" бирикмесинин өкүлү Шаршеналы Усубалиев

(1923-2006)

Белгилүү маданият ишмери Шаршеналы Усубалиевдин кызы Гүлнара атасынын дипломатиялык жумушу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: 

Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган

— Кыргыз ССРинин жетекчиси Турдакун Усубалиев менен атамдын ортосунда пикир келишпестик чыгат. Ошон үчүн Москва аны СССРдин коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кадрлар резервине алып кеткен. Атамдын дипломатиялык карьерасы ошол жерден башталган десе болот. 1970-1971-жылдары бүткүл союздук «Совэкспортфильм» бирикмесинин Азия менен Африка өлкөлөрү боюнча ага консультанты болуп эмгектенди. Ошол эле учурда борбор ага чет мамлекеттерде иштөө үчүн англис тилин жана дипломатиянын эрежелерин үйрөткөн. Андан кийин 1971-1977-жылдары атам Египет Араб Республикасында жогоруда айтылган бирикменин өкүлү кызматына дайындалат. Ал Сирия менен Египет биргелешип Израилге каршы согушканына күбө болгон. Бул согуш СССР менен АКШнын кийгилишүүсү менен токтойт. 1976-жылы апам Паиза Дадабаева кайтыш болуп калды. Ошого карабастан атам Египетте дагы бир жыл иштеди. Бул өлкөдө иштеген күндөрү тууралуу ал «Нил боюндагы жаңырык» аттуу китеп жазган. 1977-жылы ал Кыргыз ССРинин Мамлекеттик киносунун төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

1989-жылы Кыргызстанга белгилүү советтик жана россиялык илимпоз, мамлекеттик ишмер Евгений Примаков келди. Себеби Евгений Максимович Кыргыз ССРинин атынан СССРдин Жогорку Советине депутат болуп шайланган эле. Ал шайлоочулары менен жолукканы келгенде жергиликтүү аткаминерлер Примаковдун каалаганын аткарууга даяр экенин айтышат. Евгений Максимович атактуу маданият ишмери Шаршеналы Усубалиев менен жолуксам деген бир гана өтүнүчүн айтат. Биздин аткаминерлер аябай таң калып, атамды кайдан тааный турганын сурашат. "1970-жылдары аны менен Египетте таанышып,  курч кырдаалда чогуу иштегенбиз" дейт Примаков. Ошондо атамды таап Евгений Максимович менен кезиктиришет. Экөө тең капысынан жолукканына сүйүнүнүп, бири-бирин көрүп, абдан кубанышат. Канча жылдан кийин кезиккен эки үзөңгүлөш бир топко чейин чер жаза сүйлөшөт. Евгений Максимович дайыма атам тууралуу жылуу гана сөз айтчу. Анткени Примаков анын адамгерчилиги менен адискөйкүлүгүн аябай сыйлачу.