БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнө өкмөттүн курамын сунуштады.
Анын айтымында, өкмөттүн түзүмү менен программасы ошол эле бойдон калган. Ал эми өкмөттүн курамы 20 пайызга өзгөргөн.
- Садыр Жапаров — премьер-министр ;
- Артём Новиков — биринчи вице-премьер;
- Равшан Сабиров — вице-премьер;
- Максат Мамытканов — вице-премьер;
- Аида Исмаилова — вице-премьер;
- Бактыбек Аманбаев — өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр;
- Санжар Муканбектов — экономика министри;
- Кыялбек Мукашев — каржы министри;
- Эркинбек Чудуев — айыл чарба министри;
- Бакыт Бердалиев — транспорт жана жолдор министри;
- Марат Жаманкулов — юстиция министри;
- Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;
- Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
- Бообек Ажыкеев — өзгөчө кырдаалдар министри;
- Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;
- Алмазбек Бейшеналиев — билим берүү жана илим министри;
- Улукбек Кочкоров — эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
- Нуржигит Кадырбеков — маданият, маалымат жана туризм министри;
- Жыргалбек Сагынбаев — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы;
- Алтынбек Исмаилов — Байланыш жана технология мамлекеттик комитетинин башчысы.
Ушу тапта жыйын кандай өтүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жыйынын түз эфирден да көрө аласыздар.