Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

Алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын көбү жергиликтүү өндүрүштөн, калганы сырттан алынып келинет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан. Ал калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын маалыматы боюнча, алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи сырттан ташып келиниши керек. Кара-Кече көмүрүн жеткирүү иштери план боюнча аткарылып жатса, импорт отуну боюнча тендер жүрүп жатат.

Боронов импорттолуучу көмүрдү  ташып келүү боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алган.

"Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүп, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек эле. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз зарыл. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууга энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу", — деп Боронов тийиштүү жетекчилерге катуу эскертүү берген.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункту жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүн көргөн.

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат.

"Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш", — деген өкмөт башчы.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна өтүүдө бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.