БШК "Кыргызстан" партиясын шайлоого каттоодон баш тартты

Документти "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгендиктен мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар сакталган эмес. Ушул жагдай негизги себеп болду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын документин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. Бул чечимге БШКнын сегиз мүчөсү макул, бирөө каршы добуш берди.

Бүгүн жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) "Кыргызстан" партиясынын тапшырган документин кайра артка кайтарууну сунуштаган. Жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов документти "Кыргызстандын" ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келгендиктен ушундай чечим кабыл алынганын билдирген. Себеби мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар сакталган эмес. Аталган партиянын өкүлү Элвира Абелдинова жагдайды өзү кечээ алсырап, дене табы көтөрүлүп ооруп калганы менен түшүндүрдү.

Алдыда эмне болот? Шайлоонун орчундуу даталары жана этаптары тууралуу маалымат

Жыйында БШКнын мүчөсү Бактияр Кадыров "Кыргызстандын" документин ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка жаран алып келип өзүн тааныштырбай, эч бир кагазга кол койбой эле кетип калганын айтты.

Ал эми партия лидери Канат Исаев документти штабдын кызматкери, ыйгарым укуктуу өкүл катары ишеним каттын негизинде алып келгенин билдирди.

Натыйжада маселе добушка коюлуп, БШК мүчөлөрү "Кыргызстандын" документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алды. Бул партияны талапкер катары каттоодон баш тартуу дегенди түшүндүрөт.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-августта, саат 18.00гө чейин партиялар 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү менен талапкерлердин тизмесин тапшырышы керек эле. "Кыргызстан" партиясы саат 18.00 чамасында (так убактысы белгисиз) документин алып келген. Анда дагы кагаздары толук эмес болуп чыккан. Аталган партияны каттоого алып жатканын уккан башка партиялардын талапкерлери топтолуп БШКга келип, түндүн бир оокумуна чейин жагдайды териштирип, "Кыргызстанды" каттоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Жогорку Кеңешти шайлоодо эл "баарына каршы" добуш берип салса эмне болот

Босогодогу видеобайкоону алып чыкканда документти 18.00дөн кийин алып келгени көрүнгөн. Бирок БШК видеобайкоонун убактысы бир аз алдыда экенин айтып жатат. Каттоо журналында болсо партиянын өкүлдөрү саат 17.59да келгени жазылган. Бирок убакытты кайра өзгөртүп жазганы даана көрүнүп турат. Журналга партиянын өкүлүнүн колу дагы коюлган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынат жана шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.