КСДПнын чачыраган мүчөлөрү. Кимиси кайсы партиядан орун-очок алды

Күздөгү парламенттик шайлоого КСДП катышпайт. Деген менен бул аталган партиянын мүчөлөрү депутаттыктан кол шилтеп кетти дегенди түшүндүрбөйт. Sputnik Кыргызстан мурда КСДП менен VI чакырылыштын депутаты болгондор азыр кайсы партиядан орун-очок алганына саресеп салды.
Sputnik

Кечээ эле бийликтин партиясы деп эсептелген КСДП алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай турганы белгилүү болду. Буга партиянын ичиндеги ажырымдар себеп. Мунун натыйжасында Юстиция министрлиги саясий партиянын лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттаган.

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

Ал эми Абдрахманов партиянын каттоо күбөлүгү жоголгондуктан КСДП мандат алуу жарышына ат салышпай турганын билдирди.

Кечээ саясий партиялардын съезд өткөрүү этабы жыйынтыкталды. Эми 24-августка чейин Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин толук тизмеси берилиши керек. Ошол эле учурда ачык булактарда мурда социал-демократтардан "бактысын" тапкан депутаттар бир нече партияга чачыраганы айкын болууда.

Парламентте КСДП фракциясынын лидеринин орун басары болгон Төрөбай Зулпукаров "Биримдик" партиясы менен ат салышууда. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн бул партияга вице-спикер Аида Касымалиева, Евгения Строкова жана Марат Аманкулов кошулган. Белгилей кетсек, Марат Аманкулов "Биримдиктин" төрагасы. Маалымат булактарынын билдиришинче, КСДПнын мүчөсү, азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен Азамат Арапбаев дагы "Биримдик" партиясынын камчысын чабат.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов позициясы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Мурунку чакырылышта КСДПнын тизмеси менен биринчи ирет депутаттык мандат алган Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева жана Абдувахап Нурбаев "Ата Мекен" партиясына биригишти. Ал эми Жанар Акаев "Ата Мекендин" лидерлигин колго алып, көч баштап бармай болду. Эске салсак, Акаев 2017-жылы КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Мурдагы бийликтин партиясы менен депутат болгон Искендер Матраимов болсо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтылып келет.

ЖК депутаттыгына талапкер кандай критерийлерге жооп бериши керек. Тизме

КСДПнын дагы бир мүчөсү Аалы Карашев "Республика" партиясынын 15-тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болууну көздөп турат.

Мындан сырткары, жаңы негизделген "Социал-демократтар" партиясынын катарына Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова кошулуп, шайлоого аттанышты.

Мурадил Мадеминов менен Самат Ибраев "Бүтүн Кыргызстандын" туусунун алдында жарышка чыгарын билдиришти.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.