Дайым жаш көрүнгүсү келгендер кайсы тамакты аз жеши керек. Адистин жообу

Жер-жемиш жана жашылчаларды күнүмдүк нормасына жеткире жеген адамдын кан айлануусу жакшырып, организмдеги сезгенүү азайып, билинбеген майда-барат жарааттарды бат айыктырат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эдинбург университетинин (Шотландия) профессору Рупи Ожла терини жаш бойдон сакташ үчүн кандай тамактаныш керектигин изилдеп чыкты. Илимий иштин жыйынтыгын Sun басылмасы жазды.

Анын айтымында, тамак-аштын арасынан теринин тез карышына уй жана кой эти себепкер болот.

Беттин терисин бат буза турчу азыктар аталды

Ожланын пикиринде, анын ордуна антиоксидант, коллаген жана минералдарга бай азыктарды пайдаланган туура.

"Жер-жемиш жана жашылчаларды күнүмдүк нормасына жеткире жеген адамдын кан айлануусу жакшырып, организмдеги сезгенүү азайып, билинбеген майда-барат жарааттар тез бүтөт. Жыйынтыгында теринин клеткалары калыбына келип, көпкө чейин жаш бойдон сакталып турат", — деди окумуштуу.

Ошондой эле ал белок нормасынан ашпаган убакта дагы жаштык узакка созуларын кошумчалады.

Баса, буга чейин арыктайм дегендер кетирген 10 катаны диетолог санап берген. Алар тууралуу билгиңиз келсе, Sputnik агенттигинин макаласынан окуңуз.