Театр жана кино актрисасы алдыдагы мааракелик датага утурлай басып өткөн жолу, чыгармачылыгы жана замандаштары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маек курду.
— Мааракеге даярданып жатасызбы? Кандай сезимдер болуп жатат?
— 101 жашка чыгып каза болгон орус актёру Владимир Зельдиндин "юбилей табияттын кыяматы" деген таризде айтканы бар (күлүп). Анын сыңары, бул датаны басып өткөн жолуңдун, чыгармачылыгыңдын тарыхы, жасаган ишиңдин кандайдыр бир жыйынтыгы деп билем.
— Алгачкы роль эстен кетпесе керек...
— Кыргыз улуттук академиялык драмалык театрынын сахнасында Токтоболот Абдумомуновдун "Ашырбай" спектаклиндеги Ашырбайдын карындашы, баласы найзанын учуна кетип нес болгон Асылкандын образын жараткам. Ролду аткаруу мен үчүн түйшүк жараткан. Сахнага чачым жайылып, канжалаган, тытылган кийим менен ымыркайды уктатып жаткан элес калтырып чыккам. Массовкадагы артисттер, көрүүчүлөр карап жатканын сезип турдум. Залдын ичинде ашык добуш жок, жымжырт болуп турат. Кыңылдап баланы уктатып, катуу сүйлөй баштаганда качкым келет. Бул учурлар унутулгус, кандайдыр бир өзгөчө көз ирмемдер. Ошол эки-үч мүнөттүк учурду кийин Москвадан келген сынчылар көпкө кеп кылып талкуулашкан. Ал ролумду эч унутпайм.
— Актрисалык кесипти да жөн жерден тандап алган жоксуз да, ээ?
— Бул бала кезден калыптанган кыялым десем болот. Жайында Клара эжем экөөбүз (акрисанын бир тууган эжеси Клара Ажыбекова — ред.) Ат-Башынын Босого, Сары-Тал, Таш-Кыя, Көк-Жайык жайлоолорун жайлаган чоң атам менен чоң энеме барчубуз. Ар кайсы костюмдарды кийип алып, аларга ырдап, бийлеп концерт бере берчүбүз. Кийин ыраматылык Төлөмүш Океев "Кожожаш" тасмасын ошол жерлерден тарткан. Карагай, арча, өзгөчө гүлдөр, куштардын сайраганын уксаң тим эле укмуш, жомоктогудай сезилер эле. Ошол арчаларга минип алып ойночубуз. Суурдун балдары боз үйлөрдүн жанында күчүктөр менен алышып жүрүшчү. Керемет убак болчу.
Ат минген Ажыбекова, Бейшеналиев, Кутманалиев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Ушундай күндөрдүн биринде кошуна Талды-Суу деген айылга артисттер келди деп чуу түшүп калышты. Биз дагы жуунуп-таранып жүк ташуучу машина менен барып, кырга отуруп күтүп калдык. "Аршин мал алан" деген спектакль алып келишиптир. Асек Жумабаев баш болгон артисттер экен. Алар гримденип, кооз костюмдарын кийип чыгып, жарык берилгенде өзгөчө сезимдерге бөлөнүп, абдан суктангам. Ал кезде телевизор жок, артисттерди бат-бат көрүүгө мүмкүнчүлүк аз болчу да.
Тагдырдын буйругу болсо керек. Фрунзе шаарында өсүп, мектепти ушул жактан окугам. Мурда Краснооктябрская деп аталчу, азыркы Тыныстанов көчөсүндө турчубуз. Жоро-жолдошторумдун көпчүлүгү орустар. Лариса Незовцова деген курбу кызым бар эле. Ал пионерлер сарайына барып, балетке кызыгып жүрчү. Аны менен опера театрына барып, спектаклдерди көрчүбүз. Анткени Ларисанын апасы опера театрында эсепчи болуп иштечү. Бир жолу "Лебединое озеро" спектаклинде Бүбүсара Бейшеналиеванын бийлеп жатканын көрүп, сыйкырдуу дүйнөгө кабылып калгандай болдум. Анан эле антракт учурунда Ларисанын апасына баралы деп сахнаны артына өтүп бара жатсак бирөө кышылдап-бышылдап жатыптыр. Жүрөгүм шуу дейт түштү. Карасам эле бутун "шалп, шалп" деп сүйрөп сөлөкөт өттү. Анан эле Лариса келип: "Это Бибисара, видела это Бибисара", - деп калды. Көрсө, ошол Бүбүсара Бейшеналиева экен. Бутун араң сүйрөп, көкүрөгү бүт суу. Экинчи акт башталганда карасам Бүбүсара сахнада жепжеңил болуп учуп жүргөндөй элес калтырат. Таптакыр башка көрүнүш. Мына артисттердин эмгеги. Эженин ооруп жүргөн учуру экен. Балалык менен көп нерсени аңдай албай калыптырмын, бирок жүрөгүмдөн өчпөй калды. Ошондон өзгөчө таасирленгем.
Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек
Ошол жылы 10-классты бүтүп жатканымда Москвадан комиссия келди. ГИТИСтин ректору Матвей Горбунов, биздин корифейлер Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковалар кабыл алуу комиссиясында экен. Жанталашып мектептеги экзамендерди берип, буга да даярданып жүрүп, Дүйшөн Байдөбөтов, Муканбет Токтобаев, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Турган Бообекова, Жамиля Сыдыкбаева, Рашбек Асанов, Шаршен Дүйшөнкуловдор менен курсташ болдум. Баарыбыз Москвадан окуп келдик. Көбү кийин Жалал-Абад театрын ачабыз деп кетишти. Шартка байланыштуу мен, анан Мария Курманалиева академиялык театрда калдык. Ал жерде режиссёр Абдыашым Көбөгөнов, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов, Алиман Жангорозова, Гүлшара Дулатова, ал тургай Ашыралы Боталиев менен иштешип калдым. Гүлшара Дулатова, Бакен Кыдыкеевалар менен бир топ жыл курбу катары катышып калдык. Бакен эженин эң биринчи режиссёр катары койгон Алыкул Осмоновдун "Махабат" спектаклинде башкы ролду мен ойногом. Даркүл Күйүкова менен Бартольд Брехтин "Өлөрман эне" пьесасында чогуу иштештик. Даркүл эже өлөрман эненин, мен дудук кыз Катриндин образын жараттым.
— Актрисалык дебютуңуз Абдымомуновдун "Ашырбайындагы" Асылкандын ролу болгону менен дал ушул Брехтин "Өлөрман эне" спектаклиндеги Катриндин ролу эмнегедир сизге жакындай сезиле берет. Чынында кайсы ролуңузду өзгөчө аздектейсиз?
— Туура. Катриндин образы мага абдан жакын. Комедия-гротеск деп коет, апыртып-ашыртып, фантазиялар күчтүү берилген. Артисттин ичинде кандайдыр бир "тентектик" болушу шарт. Ошол нерсе "Өлөрман энеде" бар. Мен мындай ролдорду жакшы көрөм. Бирок менде драмалык сезим көбүрөөк го. Ошол жанрды жакшы көрөм. Жүрөктүн толтосунан чыккан, каармандын ойлогону ишке ашпай, кээ бир учурда максаттары тирешип калганы мени өзүнө тартат. Бирок чыгармачылык жол каалайбызбы-каалабайбызбы, жан дүйнөдө изин калтырат экен.
— Сизди көпчүлүк 1974-жылы тартылган "Кызыл алма" тасмасындагы Сабиранын ролу аркылуу таанып калды окшойт. Фильмди тартуу учурунда кызыктуу окуя көп эле болсо керек...
— Театрдан бир нече ролду ойногондон кийин Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" тасмасы тартыла турганы белгилүү болду. Мени кинопробага чакырып калышты. Анан ал жакта Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасаровалар сыналып жатканын уктум. Анан мени жөн эле планга кошуп коюш үчүн чакырды окшойт деп ойлонуп бардым. Эски киностудиянын алдына Константин Орозалиев, Төлөмүш Океев, Керим Орозалиевдер келишти. Ошол жерден Сүймөнкул Чокморовду пробага тартып алышты. Аткарчусун аткарып бердим, бирок атактуу актрисалар тартылганы жатса, мени ролго алат деп ойлогон эмесмин. Кийин мага өттүңүз деп сүйүнчүлөп калышты.
Балыкчынын шамалында тамеки тиштеген Аринбасарова. "Уландагы" таберик сүрөт
Кинодогу төрөтканадагы эпизод № 1 төрөтканадан тартылган. Ал жерде артисттер жок. Кадимки төрөгөнү барган аялдар. Алар кино тартылып жатканын деле билишкен эмес. Мен алардын арасына халат кийип, тымпыйып отурдум. Ошол жердеги аялдардын реакциясы, мындайча айтканда, чыныгы эмоциялар. Тартылгандан кийин абдан кубанып, ылдый жактан сүйүнүп жүргөнүмдү көрүп аялдар "бул неге күлүп жатат, жана эле ыйлап жатпады беле" деген таризде таң калып эле калышты. Андан кийин аларга түшүндүрүшкөн окшойт.
— Чыгармачылыктын ачуу-таттуусун айтып берсеңиз.
Биздин кесипте кызганыч деген сапат көп кездешет. Артисттер жаш баладай тентек, таарынчаак болушат. Ошол бала кыял артисттердин тилинин ачуусу шумдук, чагып алат. Байлык, бийлик эмес, роль талашат. Мени бирөө көрүп, таанып калса экен деген атаандаштык. Чыгармачылыкта, өзгөчө кинодо чалгынга чыккандай болосуң. Ошонун оош-кыйышына көнүп, ишти жөндөп кетүү зарыл. Бири-бириңе колдоо көрсөтүп, чогуу жүргөн кесиптештериң бир туугандай болуп калат. Анан эле ошолор сага жамандык жасап кетсе, абдан жаман болосуң. Ишенимиң өчүп, көңүлүң чөгөт, ушундай стресске түшөсүң.
Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты
Кийин бир топ коомдук иштерге аралашып жүрдүм. Анан жаңы заман башталганда бизнеске баш урууга мажбур болдум. Коммерция тургай, бухгалтерия тууралуу түшүнүк жок. Ошол учурда элдин баары үйдөгү эски буюмдарын алып чыгып сата башташты. "Сникерс", "Марс" деген шоколаддар жаңы чыгып аткан, бир күнү кызым ошондой алып бер деп калды. Наркы беш рубль болчу. Кийинки күнү дагы сураганда эмкисинде алып бере албай калсам эмне болот деп ойлоно баштадым. Түнү менен уктабай чыктым. Анан коммерцияга аралашууну чечип бизнеске кириштик. Тозок ошондо башталды. Бир баскан жолду миң басып, милиционерлерди, санэпидем кызматкерлерин багып калдык. Айтор ошентип, көргүлүктү көрдүм. Ошого карабастан менин жүрөгүм театрда эле. Болгону балдарым ачка болбосун, эч нерседен кем болбосун деген ой менен соода кылып жүрдүм. Эл артисти "Ош" базарга барып товар сатып алып, кайра өткөрүп жүргөнүн элестетип көрсөңүз. Бул тозок да өзүнчө. Мына ошондон өтүүгө туура келди. Бирок өкүнбөйм. Анткени балдарым билим алды, өз жашоосун тапты. Башкача айтканда, ошол доорго жараша иш кылдык. Бирок азыр эленип отуруп, турмуш жакшырып калды.
— Ооба, учурдагы чыгармачыл адамдар базар экономикасына ыңгайлашып, мындайча айтканда, өз киндигин өзү кесип калышты. Продюсер жалдап, алар элге таанытып дегендей. Анан бул тармакта тажрыйбалуу киши катары учурдагы чыгармачыл адамдарга кандай кеңештериңизди бересиз?
— Ар бир заман, учур өзүнүн шарттарын түзүп берет. Биз эч качан жогорудан туруп бирөөгө сын айта албайбыз. Кесипкөй катары эч качан ойлогон оюңардан кайтпагыла дээр элем. Аны ишке ашырууга умтулуп, болгон аракетиңерди жасагыла демекчимин. Бардык нерсе чыгармачыл адамдын колунда эмес. Чөйрөдөн, каражаттан дагы көз каранды болуп калат. Азыркы актер, актрисаларды колдойм, аларды жакшы көрөм, ишенем. Албетте, азыр сын айткандар көп. Бирок учурдагы чыгармачыл инсандар ушул тапта мүмкүн болгондун баарын жасап жатышат.
Элибиз уникалдуу, акылман. Башкысы, азыркы мүшкүлдөн аман-эсен өтүп, ден соолугубуз чың болсун!