Бий үчүн жаралган... Балет ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева тууралуу 7 факты

© Фото / Александр Федоров90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз балетинин ханышасы аталган Бүбүсара Бейшеналиеванын көзү өткөнүнө бүгүн 45 жыл болду. Кыргызстандын алгачкы балеринасы жана өлкөбүздөгү балет өнөрүнүн түптөөчүлөрүнүн бири болгон улуу бийчи 1973-жылы 10-майда каза болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз балети үчүн өлбөс-өчпөс ролдорду жараткан легендарлуу бийчи тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Бий өнөрүн үйрөнүү. Бий периштеси Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Бийчинин уулунун айтымында, ал 8-апрель күнү төрөлгөн. Бирок балерина туулган күнүн 17-май, уулу Эрмектин туулган күнүнө карата атайын өзгөртүп алган. Бүбүсара он жашка чыккан убагында ал окуган мектепте Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга жаш таланттарды издеген адамдар келишет. Алар кичинекей сулуу кызды бир көрүп эле жактырышат. Ата-энеси үчүн көкүрөк күчүгүн алыс жакка жалгыз жөнөтүү оор болсо да, кызынын келечегин ойлоп макулдугун беришет. Ошентип Бүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга өтүп, атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим ала баштайт. Алгачкы жолу чоң сахнага 1939-жылы Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрүндө чыгат. Балерина окуу жайды 1941-жылы аяктап, Фрунзе шаарына кайтып келет. 

© Фото / Александр ФедоровБүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга өтүп, атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим ала баштайт
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Бүбүсара 1936-жылы Ленинграддагы хореографиялык окуу жайга өтүп, атактуу бийчи Агрипина Вагановадан таалим ала баштайт

Алгачкы ийгиликтер. Бийчи Фрунзеге келгенден кийин Опера жана балет театрында башкы солист болуп эмгектене баштайт. Дал ушул жерде Бүбүсара балет өнөрүнүн туу чокусуна карай алгачкы кадамын таштайт. Ал эми 1944-жылы коюлган "Чолпон" балетиндеги образы Бүбүсаранын ийгилигин бекемдеп, ага болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келет. Ошол кездеги маалыматтарга караганда балерина сахнага чыгат деген күнү театрда билеттер калбай калчу экен. Бийчи 1948-1949-жылдары өнөрүн өркүндөтүү үчүн ошол эле Ленинграддагы хореографиялык окуу жайда билимин улантат. Окуусун бүткөндөн кийин кайрадан Фрунзеге кайтып Опера жана балет театрында өмүрүнүн аягына чейин иштейт.

Жөнөкөй "жылдыз". Замандаштарынын айтымында, улуу таланттын ар бир спектакли көрүүчүлөр үчүн майрам болгон. Ал гана эмес, күн сайын жүзгө жакын адам Бүбүсара ишине бара жатканда жолун тосуп урмат-сыйын билдирип турушкан. Алар үчүн бийчини жакындан көрүү жана саламдашуу сыймык эле. Бирок чектен ашкан элдин сүйүүсүнө карабай Бүбүсара жылдыз оорусуна кабылган эмес. Сахнадан тышкы жашоосунда эч качан жөнөкөйлүгүн жоготкон жок. Жада калса популярдуулуктун туу чокусунда турган кезинде өлкөнүн алыскы аймактарын кыдырып, карапайым калктын да көңүлүн ачып турган. 

© Фото / Александр ФедоровЗамандаштарынын айтымында, легендарлуу бийчи сахнага чыгат дегенде билет калбай калчу экен
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Замандаштарынын айтымында, легендарлуу бийчи сахнага чыгат дегенде билет калбай калчу экен

Табият берген талант, талыкпаган эмгек. Балет сынчылары Бүбүсара Бейшеналиеванын табиятынан эле бул өнөр үчүн жаралганын белгилешкен. Анын жагымдуу жүзү, ийкемдүү денеси жана талыкпаган эмгеги кыргыз балетинин примасына айлануусуна өбөлгө түзгөн. Кесиптештери Бүбүсаранын табият берген таланты менен гана чектелип калбай, ар дайым машыгуу үстүндө жүргөнүн айтышат. Ал ар бир кыймылын 5-6 саатка чейин кайталап, өмүрүнүн ар бир мүнөтүн бийге арнаган. Андыктан балеринанын сахнадагы ар бир кыймылы жана мимикасы өзгөчө болуп, ролдорду ийинине жеткире ойногон.

Сахнадагы ролдору. Бүбүсара Бейшеналиева "Селкинчектеги" — Зайнура, "Чолпондогу" — Чолпон, "Бахчисарай фонтанындагы" — Мария жана Зарема, "Ак куулар көлүндөгү" — Одетта-Одиллия, "Анардагы" — Анар, "Кызыл кызгалдактагы" — Тао-Хоа, "Ромео жана Джульеттадагы" — Джульетта, "Франческа да Риминидеги" — Франческа, "Лауренсиядагы" — Лауренсиянын ролдору кыргыз балетинин "алтын фондусунан" орун алган. Талыкпаган эмгегинин үзүрү катары СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 

© Фото / из архива Зууракан ИмакалыковойБалерина чыныгы сүйүүсүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон тапкан. Эки залкардын уламышка айланган махабаты 1959-жылы Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп барып калгандан башталган.
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан
Балерина чыныгы сүйүүсүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон тапкан. Эки залкардын уламышка айланган махабаты 1959-жылы Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп барып калгандан башталган.

Чыңгыз жана Бүбүсара. Бүбүсара Бейшеналиева алгач композитор Акмат Аманбаевге турмушка чык­­кан. Алар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болгон соң тү­шүн­бөстүк­төр­дөн улам эки ача жолго түшөт. Балерина чыныгы сүйүүсүн дагы бир кыргыздын улуу таланты, жазуучу Чыңгыз Айтматовдон тапкан. Эки залкардын уламышка айланган сүйүүсү 1959-жылы Кыргыз ССРинин маданий ишмерлеринин чакан тобу Балтикадагы деңиз аскерлерине жолугушууга, концерт коюп барып калгандан башталган. Эки ашыктын Ленинград менен Москва арасында өткөргөн сүйүү кечтерин Айтматов өзү эскерип жазганы да бар. Бирок эки улуу инсандын бирге болуусу мүмкүн эмес эле. Жазуучунун ал кезде үй-бүлөсү бар болчу. Алардын сүйүүсүнө турмуш да тоскоол болуп, Бүбүсара катуу оорудан улам каза болгон. Аны акыркы сапарга узатып жатканда дүйнөгө белгилүү жазуучу эл алдында жаш баладай ыйлагандыгын замандаштары азыркыга чейин айтышат. Жазуучунун сүйүүсү балерина жашоодон айрылгандан кийин да өчкөн эмес. Ал экөөнүн улуу махабаты тууралуу "Аскада калган аңчынын ыйы" китебинде жана бир топ көркөм чыгармасында жазган. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКыргыз балетинин өчпөс жылдызынын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган
Б. Бейшеналиева - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз балетинин өчпөс жылдызынын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган

Тооруган дарт. Жашоосунун акыркы жылдарында Бүбүсара Бейшеналиеванын ден-соолуугу жакшы эмес эле. Ал рак оорусуна чалдыгып 1965-жылы Москва шаарында өпкөсүнөн операция болот. Бирок бийчи мындай оор операциядан кийин да сахнага чыгуусун токтотпойт. Балерина экинчи жолу 1971-жылы катуу оорууга кабылат. Дарыгерлер анын көкүрөгүндө шишик пайда болгонун айтышат. Москва шаарында бир жылга жакын дарылангандан кийин Фрунзеге кайтып келет. Бирок бийчи бир канча ай гана жашайт. Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 10-майда жашоо менен кош айтышат. Кыргыз балетинин өчпөс жылдызынын сөөгү "Ала-Арча" мүрзөсүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0