Депутаттар шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрдү

2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Аталган мыйзамды 98 депутат колдоп, макул деген добушун берди.

Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты
Эми бул документти президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.