Премьер Абылгазиев ишке чыктыбы? Маалымат катчынын жообу

Абылгазиев 27-майда кыска мөөнөткө эмгек өргүү алган. Бул чечим байланыш тармагындагы коррупция боюнча иликтенип жаткан ишке басым жасап жатат деген кинеден алыс болуу үчүн кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча ишке чыга электигин анын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Өкмөт башчы 27-майда кыска мөөнөткө эмгек өргүү алган. Бул чечим байланыш тармагындагы коррупция боюнча иликтенип жаткан ишке басым жасап жатат деген кинеден алыс болуу үчүн кабыл алынган.

"Премьер-министр азырынча эмгек өргүүдө, үй-бүлөсүнүн кашында", — деди Султаналиев.

Маалымат катчы иликтенип жаткан иш туурасында комментарийди тергөө органдары бере тургандыгын айтып, ашыкча эч нерсе деген жок.

Жыштык чырына тиешеси жок. УКМК Байымбетовдун иштен кетишин түшүндүрдү
Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

Кийин бул иш Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген.