Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич — өмүр баян

Жазылуу
Мухаммедкалый Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган.

Билими:

  • 1994 — Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча аяктаган. 
  • 1997 — Кыргызстан эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1994 — 1995 — "Кыргызстан" финансы-агроөнөржай директорунун орун басары;
  • 1995 — 1997 — "Ажар" ишканасынын аткаруучу директору;
  • 1997 — 1998 — Өкмөт алдындагы Мамлекеттик орто жана чакан бизнести колдоо фондунун насыялоо бөлүмүнүн эксперти;
  • 1998 — 1999 — Биринчи май районунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын директору;
  • 1999 — 2003 — Бишкектин калкты иш менен камсыз кылуу департаментинин директору;
  • 2003 — 2003 — Социалдык фонддун ички аудит башкармалыгынын башчысы;
  • 2003 — 2007 — Социалдык фонддун Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
  • 2007 — 2009 — Социалдык фонддун аппарат башчысы;
  • 2009 — 2010 — Социалдык фонддун төрага орун басары;
  • 2010 — 2016 — Социалдык фонддун төрагасы;
  • 2016-жылдын 13-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министр. 22-августта Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткарган;
  • 26.08.2017 — 12.09.2017 — КР президентинин кеңешчиси;
  • 12.09.2017 — 16.03.2018 — КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 16.03.2018 — 20.04.2018 — КР президент аппаратынын жетекчиси;
  • 2018-жылдын 20-апрелинен тарта КР премьер-министри;
  • 2020-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын өкмөт башчылыгынан кетүү боюнча арызын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0