БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалардын узак кезекке туруп калышы — Бишкектин кырдаалды курчутуу аракети. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналы Мамлекеттик кирешелер комитетине таянуу менен жазды.
Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.
Мамлекеттик кирешелер комитетинен билдиришкендей, февраль айындагы жолугушуу маалында кыргыз тарапка жүктөр боюнча маалымат алмашып, навигациялык кулпуларды пайдалануу сунушталган.
"Бул нерсе мыйзамдуу соода-сатык иштерин уюштурууга жана эки өлкөнүн тең казынасына көбүрөөк киреше түшүрүүгө жардам бермек. Бирок Кыргызстан жолугушуунун протоколуна кол койбой койгон. Кийин почта аркылуу жөнөтүлгөн документке дагы жооп берген эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Кечээ, 4-июнда, Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев абалды оор деп баалаган. Ал чек арага барып, абалды өз көзү менен көргөндүгүн айткан.
"Жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө", — деген Асрандиев.
Вице-премьер бул көйгөйдү чечүү үчүн ЕАЭБ аянтын колдонууну айткан. Анын пикиринде, кептин баары, кыйынчылыктын көбү ички чек аралардан келип чыгууда. Кыргызстан былтыртан тарта ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып келе жаткандыгын айткан. Ал учурда чек арада оор жүк ташыган айдоочулардан жогорудагыдай абалда калышын атайын жасалган тоскоолдук деп баалап, биримдиктин ички макулдашууларына каршы келерин кошумчалаган.