Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү

2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда 9 пайыздык чек коюу мыйзамы  кабыл алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн  шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Аталган документ парламенттик бүгүнкү жыйындын күн тартибине экинчи окууга киргизилген. Депутаттар бул ирет суроо берип, талкуу жаралган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө токтоосуз жөнөтүлдү. 

Натыйжада 104 депутат макул деген добуш берип, каршы чыккандар болгон жок.

Биринчи окууда 101 депутат колдоп, тогузу каршы добуш берген болчу

Ар бир саясатчы өзүн лидер ойлойт. Жээнбеков 9 пайыздык босого тууралуу айтты
Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.