Соль-Илецк менен Бузулуктан келген канча адамдан вирус табылганы айтылды

Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан жалпысынан 1000дей киши кайткан. Алардын арасынан күн сайын вирус жуктургундар аныкталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Оренбургдун Соль-Илецк шаарынан келген 101 кыргызстандыктан, ал эми Бузулук районунан кайткан сегиз кишиден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Модератор андан Россиянын Оренбург облусунун эки аймагынан келген канча кишиден оору табылганын сураган.

"Учурда стационарларда жаткандар бар, алардан кошумча ПЦР-тесттер алынат. Лабораториялык тастыктоолор улантылып жатат. Бүгүнкү күндө Соль-Илецкиден кайткан 101 адам, Бузулук районунан келген сегиз киши вирус жуктурганы белгилүү болду. Мындан тышкары, 52 курсанттан илдет аныкталган. Арасында Санкт-Петербург эле эмес, Россиянын башка шаарларынан келгендер да бар", — деди Үсөнбаев.

Эске салсак, буга чейин Бузулуктан Бишкекке автобус менен 413 кыргызстандык алып келинген. Ал эми Соль-Илецкиден 541 жаран мекенине кайткан.

Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.