Абылгазиев жыштык чуусу боюнча депутаттын айыптоосуна жооп берди

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев эки жыштык 1 000 жана 700 сомго сатылып кеткенин айтып, аны 5 миллиард сом болмок деп баалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин бүгүнкү жыйынында жыштык сатуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев эки жыштык 1 000 жана 700 сомго сатылып кеткенин айтып, аны 5 миллиард сом болмок деп баалаган.

"Мен депутаттын сүйлөгөнүн уктум. Таптакыр эле тастыкталбаган фактылардын айтылганы таң калтырды. Өкмөттү, жеке мени айыптоолор болду. Менимче, бул нерсени саясатка айландырбаш керек”, — деди Абылгазиев.

Ал жыштыктар боюнча финансылык мекемелер менен 2019-жылы жыйын өткөрүлүп, тапшырма берилгенин айтты.

Жанар Акаев: өкмөт 5 млрд сомдук жыштыктарды 1700 сомго сатып жиберген
“Жыштык мамлекеттин байлыгы. Анын аткарылышын кароо учурунда эки факты аныкталды.  Бири — мамлекеттин балансында турган жыштыктар. Экинчиси — берилип кеткендер. Ошолордун тагдыры кандай болуп жатат дегенде бир факты чыккан. Бир компания экинчи бир компанияга убактылуу алган жыштыкты саткан. Мамлекет аны убактылуу пайдаланууга берген. Биз бул туура эмес, буга мыйзамдуу түрдө чек коюп, лицензиянын шартын аткарбаса, кайра мамлекетке кайтарып, аукцион аркылуу сатыш керек деген чечимге келдик. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырма бергем, факты боюнча кылмыш иши ачылып, текшерүү жүргүзүп жаткан», — деди өкмөт башчы.

Эске салсак, байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. Башкы прокуратура ал мамлекетке зыян келтиргенин билдирген.