Нарын: бүлөсү менен COVID-19га кабылган медик, милиционерлер көбөйдү. Чоо-жайы

Азыркы тапта Нарын шаарында COVID-19 жуктурган 57 бейтап дарыланууда. Алардын көбү медиктер, милиция кызматкерлери.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Нарын шаарында жергиликтүү жашоочулар эмес, коронавируска каршы күрөшүп жаткан кызматкерлерден оору көп катталууда. Бул тууралуу шаар мэри Нурбек Молдокадыров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта калаадагы ооруканада COVID-19 жуктурган 57 бейтап дарыланууда. Анын арасында медиктер, милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү бар.

"Учурда коронавируска кабылган 15 медик ооруканада жатат. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнөн сегиз адамга жуккан. Ички иштер органдарынын дагы 15 кызматкери бар, алардын 10 үй-бүлө мүчөсүнөн COVID-19 табылды", — деди Молдокадыров.

Ал төрөт үйдө коронавирус чыккан чуу боюнча да айтып берди.

COVID-19 Кыргызстандын кайсы аймагына көп жайылды. Тизме
"Тилекке каршы, төрөт үйүндөгү медиктер жана ал жерде жаткан аялдардын арасында дагы 13 учур катталып калды. Сегизинен төрөт үйүнөн чыга электе, бешөөнөн үйүнө кеткенден кийин аныкталды. Ошондой эле долбоор менен иштеп жаткан бир курулуш кызматкер вируска кабылган. Анын үй-бүлөсүнүн анализи таза чыкты", — деди Молдокадыров.

Учурда Нарын шаарында обсервацияда 16 адам жатат. Коронавируска кабылгандар менен байланышта болгон 279 адам үй карантинге алынган.

Белгилей кетсек, Нарын облусундагы кырдаалды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев башында турган комиссия иликтеп жатат. Жергиликтүү дарыгерлерге жардам берүү үчүн Бишкектен Нарынга медиктердин тогузунчу тобу жиберилди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.

Ат-Башыда коронавирус жуктургандардын 90%дан ашыгы айыкты
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.