БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салууга тиешелүү бийлик органдарына үч күн убакыт берди.
Белгилей кетсек, Нарында коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жатканы байкалууда.
"Учурда Нарын шаарында байланыш аркылуу оору жуктургандар облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болууда. Шаардагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга үч күндүк мөөнөт берилет. Эгерде бул аралыкта абал оң жагына өзгөртүлбөсө, тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек", — деди Боронов.
Ошондой эле ал өлкөдө катталган жаңы учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берерин белгилеген.
Кеңешменин жыйынтыгында бардык санитардык-карантиндик иш-чараларды күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда 16-майга карата коронавируска кабылгандардын саны 1117ге жетип, анын ичинен 783ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 14 бейтап каза болуп калды.
Бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча 163 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен 65и Нарын шаарында. Аймактар боюнча салыштырганда, Нарын үчүнчү орунга чыкты. Анын алдында Бишкек шаары менен Ош облусу бар.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.