Россиядагы мигранттар коронавируска чалдыкса кайда кайрыла алат? Эскертме

РФтеги эмгек мигранттарынын арасында COVID-19 жуктурууга байланышкан жаңылыш ойлор көп. Кай бири вирус жуктурганы аныкталса ооруканага жаткырып, андан ары депортация кылат дешет. Айрымдары "дарылануунун кымбаттыгынан" чочулашат.
Sputnik

Sputnik агенттигинин кабарчысы Лев Рыжков бул жагдай боюнча тактап көрдү.

Кайда кайрылуу зарыл?

Эгер жөтөлүп, ал кетип, дене табы көтөрүлсө, көкүрөк туш кысылып, ыңгайсыздык жаралса, бейтап дароо жашаган жери боюнча түз байланышка кайрылууга тийиш.

Коронавируска каршы күрөш борборунун телефон жана даректерин кантип табууга болот?

«Яндекс», «Гугл» же интернеттеги каалаган издөө кызматынан "Коронавирустук борбор" деп терип, жакынкы метростанциянын аталышын же жашаган көчөңүздү кошо жазыңыз. Маселен, Москвада ар бир райондук бейтапкананын алдында коронавирустук борбор уюштурулган. Эгер абалыңыз начарлап баратса, Тез жардам кызматын чакырыңыз. Операторго кадимки эмес, дал коронавирустук тез жардам керек экенин так айтканыңыз маанилүү.

Кадимки Тез жардам кызматы сизди стационарга алып кетпейт, анткени буга акысы жок. Бирок оператор сизге жардам берүүдөн баш тарта албайт. Жарандыктын, медициналык камсыздандыруу полисинин бар-жогу медициналык көмөк көрсөтүүдөн баш тартууга негиз эмес.

Улутка, динге бөлбөйбүз! РФ мусулмандарынын мигранттарга көрсөткөн жардамы
Эгер жакынкы коронавирустук борборго өзүңүз барууну чечсеңиз, анда бейтапкананын жалпы эшигинен эмес, өзүнчө кире бериш бар экенин эске алыңыз. Бирок медиктерди үйгө чакырган оң.

Коронавирустук борбордогулар өпкөңүздү компьютердик томограммага тартууга тийиш. Бул жарандык, каттоо, милдеттүү же ыктыярдуу медициналык камсыздандырууңуздун бар-жогуна карабастан акысыз жасалат. Эгер полисиңиз болсо, анда сизге тийиштүү дары-дармектин топтомун да бекер беришет. Колуңузда полис болбосо, рецепт жазып бериши керек.

Коронавирустук борбордо мигрант эң негизги документ — обочолонуу туурасындагы справканы алууга тийиш. Бул бир топ жеңилдик алууга негиз болуп берет.

Бейтаптын укуктары жана милдеттери

Андан соң обочолонуу жөнүндөгү справканы сүрөткө тартып, Мигранттардын коронавирус боюнча бирдиктүү борборуна WhatsApp мессенджери аркылуу жөнөтүшүңүз керек. Ошол сүрөттүн негизинде Мигранттардын федерациясы сизге эки аптага эсептелген азык-түлүк топтомун, зарыл болсо дары-дармек берет. Мунун баарын борбордун ыктыярчылары турак жайыңыздын босогосуна чейин жеткирип беришет.

Оренбургдан чыгып жолдо калган КР жарандары лагерге жайгаштырылды
Эгер батирде, жатакана же хостелде жалгыз жашабасаңыз, анда үй-бүлөңүздүн бардык мүчөлөрү жана коңшуларыңыз да обочолонууга тийиш. Анткени жашаган жериңиз документтер боюнча илдет очогу болуп көрсөтүлөт. Жакшы жагы, үй-бүлөңүз жана кошуна-колоң дагы эки аптага жетерлик азык-түлүк алышат.

Коронаборбордо сиз эч кимге эч кандай акы төлөбөңүз. Врачтын кабыл алуусу, компьютердик томография жана дары-дармек бекер. Ошондой эле участкалык врач да сизге үйгө акы албастан келет.

Көптөгөн мигранттар коронавирус инфекциясы аныкталып калса иштен айдалып же жашаган жерин бошотууну, балким, бул экөөнүн тең талап кылынарынан чочулашат. Мыйзам боюнча бейтаптарды жумуштан кетирүүгө, үйдөн чыгарууга да эч кимдин акысы жок. Ишке расмий түрдө кирсеңиз, ал эми ижаралаган турак жайыңыз боюнча келишим түзүлгөн болсо, анда сизге каршы мындай санкцияларды эч ким киргизе албайт.

Медиктерге кайрылуудан качпаңыз, куру дегенде эле мыйзамга ылайык сизди тестирлешет. Эгер диагноз аныкталса, тестти үч ирет жүргүзүшөт, мунун баары акысыз.

Көптөгөн иш ээлери мигранттарды коронавирус боюнча тесттин жыйынтыктары болбосо жумушка албай турганын эстен чыгарбаңыз. Коммерциялык негизде бир жолку тесттен өтүү 1900дөн 2 400 рублге чейин турат.

Россия коронавирус капсалаңында мигранттарга жардамдашууга тийишпи? Саресеп
Коронаборбордогу компьютердик томографиянын жыйынтыктарына жараша медиктер илдеттин оордук даражасын белгилешет. Изилдөөнүн жыйынтыгына жараша кайда дарыланарыңыз боюнча чечим кабыл алынат. COVID-19 вирусу козгогон оорунун үч даражасы бар.

Биринчи жана экинчисинде үйдө обочолонуу шартында дарыланууга болот. Үчүнчүcүндө, эң оор баскычында, бейтап жарандык же каттоосу бар же жогуна карабай ооруканага жаткырылат.

Эгер бейтапты жасалма дем алдыруу аппаратына туташтыруу зарылдыгы болсо, бул стационарда гана жүргүзүлөт. Аппарат дагы жарандыкка карабастан акысыз тагылат.

Маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдындагы медициналык өкүлчүлүк жана дарыгер Дилбар Асаналиева тарабынан берилди.