Улутка, динге бөлбөйбүз! РФ мусулмандарынын мигранттарга көрсөткөн жардамы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЫктыярчылар муктаж болгондорго азык-түлүк пакеттерин жөнөтүшөт. Архив
Ыктыярчылар муктаж болгондорго азык-түлүк пакеттерин жөнөтүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыйык орозо маалында жардамга муктаждарга кам көрүү — ислам дүйнөсүндө парз. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү шартында Россияда жардамга муктаждардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар да арбын.

Sputnik агенттиги аларга мамлекеттик мекемелердин жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен россиялык мусулман уюмдары кандай көмөк көрсөтүп жатканына кызыкты. Бул туурасында Лев Рыжковдун макаласынан таанышыңыздар.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун башчысы: карантинден кийин дагы той-ашка ыксыз чыгым болбойлу
Бул ыйык айда мусулмандар орозо гана кармабастан, колунда жоктордон жардамын аяшпайт. Россияда бул күндөрү жардамга муктаждардын катарына биринчи кезекте эмгек мигранттары кошулду. Алардын көпчүлүгү карантиндик чектөөлөрдөн улам жумушсуз гана эмес, баш калкалаар жайы же мекенге кайтууга шарты да жок абалга кептелишти.

Москва шаарындагы жана Борбордук региондун Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы Альбир Крганов мигранттарга кошумча көмөктөшүү үчүн РФ аймагындагы коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан азык-түлүк жагынан каралашуу өтүнүчү келтирилгенин айтты.

"Биз сиздер мененбиз" долбоорунун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө ар биринин наркы 2000 рублдин тегерегиндеги азык-түлүктөн турган 5 миң пакетти тараттык", — деди ал.

Ал эми мусулмандардын борбордук дин башкармалыгынын төрагасы Талгат Тажуддин орозо айында атайын каражат да жыйналарын белгиледи.

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусулмандардын борбордук дин башкармалыгынын төрагасы Талгат Тажуддин
Улутка, динге бөлбөйбүз! РФ мусулмандарынын мигранттарга көрсөткөн жардамы - Sputnik Кыргызстан
Мусулмандардын борбордук дин башкармалыгынын төрагасы Талгат Тажуддин
"Бул битир-садака болуп саналат. Бир күндө тамак-ашка канча сумма сарпталса, мусулман киши өзү, балдары, неберелери жана үй-бүлөсүнүн атынан битир-садака төгөт. Биз Сбербанк менен биргеликте эсеп ачтык, ошол эсепке которууга болот. Топтолгон каражат муктаждарга жардам үчүн гана жумшалмакчы. Мечиттерди ремонттоого, жылуулук же жарык акысы үчүн эмес, ушул тапта аргасыз абалга кабылган диндештерге көмөк иретинде гана сарпталат", — деди муфтий.

Тажуддиндин айтымында, ар бир мечитте жана ар бир жамаатта жардамга муктаждардын жергиликтүү бийлик органдары менен такталган тизмелер бар.

"Жардамды ар бир киши ала алат. Өзбек же тажик деп карабайбыз. Ким муктаж болсо, ошого көмөк көрсөтүлөт. Анан калса, мусулмандарга гана деген да чектөө жок. Улутуна, динине карап ылгабайбыз. Баары — Кудайдын жаратканы", — деди ал.

Россиянын Муфтийлер кеңешинин РФ Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Рушан (Хазрат) Аббясов орозо айында кайрымдуулук жана социалдык программалар ишке киргенин айтып өттү.

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Муфтийлер кеңешинин РФ Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Рушан (Хазрат) Аббясов
Улутка, динге бөлбөйбүз! РФ мусулмандарынын мигранттарга көрсөткөн жардамы - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Муфтийлер кеңешинин РФ Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Рушан (Хазрат) Аббясов
"Мурда биз мечиттерде жалпы ооз ачууну уюштуруп, иш-чара баарына ачык эле. Бүгүнкү күндө мечиттер жабык. Бирок биз ар бир жамааттын колундагы тизме боюнча муктаж адамдардын, көп бүлөлүү үй-бүлөлөрдү кыдырып, ооз ачар ырыскыбыздан бөлүшүп жатабыз. Жакынкы күндөрү эле муфтий-шейх Равиль Гайнутдиндин батасы жана кайрымдуулук көрсөткөн Сулейман Керимовдун колдоосу менен "Рамадан-Керим" программасын уюштурдук. Каалаган киши биздин сайт же социалдык медиадагы аккаунттарыбыз аркылуу түз кайрыла алат. Эгер алардын азык-түлүгү болбосо, анда биздин ыктыярчылар Москва жана Подмосковьедеги даректерге жеткирип беришет", — деди ал.

Аббясовдун айтканына таянсак, мындай акциялар ушул тапта РФтин дээрлик бардык аймагында жүрүп жатат.

Орозо айт

Быйыл Россияда Орозо айт карантиндик чаралардын чегинде белгиленет. Көп эл чогулган иш-чараларга тыюу салынат. Москва жана Россиянын бир катар аймактарында обочолонуу режими 31-майга чейин узартылган.

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы жана Борбордук региондун Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы Альбир Крганов
Улутка, динге бөлбөйбүз! РФ мусулмандарынын мигранттарга көрсөткөн жардамы - Sputnik Кыргызстан
Москва шаарындагы жана Борбордук региондун Мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы Альбир Крганов
"Бул чара баарына тиешелүү. Орозо айт 24-майда онлайн режимде бир нече имам жана мечиттин кызматкерлеринин катышуусунда белгиленет", — деди муфтий Альбир Крганов.

Айт намаз да интернетте түз алып көрсөтүлөт, борбордук теле аркылуу да берилиши мүмкүн.

Оплата фитр-садака онлайн в КР - Sputnik Кыргызстан
Муфтият орозо маалында битир-садаганы үйдөн берүүнүн жол-жобосун айтты
"Москвалык Собордук мечиттен биздин муфтий шейх Равиль Гайнутдиндин катышуусундагы айт намазды түз алып көрсөтүү боюнча ушул тапта росссиялык федералдык телеканалдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Биз биринчилерден болуп карантинге чыктык, 18-марттан тарта сегиз намазды, сегиз жума намазды онлайн режимде өткөрдүк. Жыйынтыгында бул илдетке кабылган оор учурлардын абдан аз экенине күбөбүз", — деди Рушан (Хазрат) Аббясов.

Тарыхта кантип эбин табышкан?

Орозо айтты мусулмандар жалпылап майрамдайт. Динге ишенгендер үчүн салттын өзгөрүшү шариаттагы жүйөлөр менен негизделиши керек.

Талгат Тажуддиндин айтымында, теологиялык негиздер бул Мухаммед пайгамбардын хадистери.

"Алардын биринде "Биз үчүн бардык жер — Алла Тааланын үйү" деп айтылат. Башкысы эл адамдык байланышты үзбөсүн. Мухаммед пайгамбардын убагынан бери катуу нөшөр төгүп, шамал согуп турган начар аба ырайында азанчылар "Намазга үйдөн жыгылгыла" деп эскертишкен. Башкысы намазды каза кылбай, беш ирет жыгылалы. Эпидемия күч алып турган убакта дин башчылары, пайгамбардын жолдоочулары карантин сымал чараларды жарыялашкан", — деди ал.

Андай жерлерге кербендер токточу эмес, ал эми ал калааларда жашагандардан сыртка чыкпоону өтүнүшкөн. Ден соолук — Жараткан тартуулаган эң кымбат байлык. Дин аалымы адамдар аны коргоп, сактап, кандай болгон күндө да өзүбүздүн жана айланабыздагылардын саламаттыгынын чабалдашына жол бербөөгө тийишпиз деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0