Ири компаниянын мындай аракеттери боюнча журналист Ирина Алкснис ой жүгүртүп, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Атайын арам ой менен жасалган эмеспи деп шектенбей кое албайсың. Тарыхты кайра жазуу, фашизмди жеңген СССРдин ролун тарыхтан жана адамдардын эсинен өчүрүү боюнча Батыштагы аракеттерди эске алганда, бул версия чындыкка жакындай туюлат. Мындай учурда көшөгө артындагы саясий оюндарды издөөнүн ашыкчалыгы байкалат.
Евгений Халдейдин белгилүү тарыхый сүрөтүнүн өчүрүлүшү боюнча "кооптуу адамдар жана уюмдарга карата коомдук ченемдерди бузуу" деген түшүндүрмө бул кырдаалдын акылга сыйбастыгын айгинелейт.
Эркин түрдө өзүн таанытуу жана баарлашуу мейкиндиги катары социалдык медианын алтын кылымы өтө кыска өмүр сүрүптүр. Контентти чектөө жана көзөмөлдөө чагылгандай тездик менен күч алып отуруп, азыр бардык тармакты жана багытты толук камтыган катуу цензурага айланыптыр. Атап айтканда, Facebook компаниясынын жылаңач натурага, ал түгүл искусствонун шедеври деп таанылган болсо да тыюу салынышы – эң көп талкууланган жана айыпталган эрежелердин бири. Эки жыл мурун колдонуучулар жарыялаган таш доорундагы "Венера Виллендорфскаянын" статуэткасынын сүрөтүнө коюлган бөгөт ызы-чуу менен алынган. Анткен менен бир жыл мурун Женева көркөм музейи өз көргөзмөсүн жарнамалоодо байыркы статуялардын сүрөтүн пайдаланууга көшөрө уруксат бербей койгон.
Саясаттан мында кеп козгоштун кажети жок. Чектөөлөргө посттор формалдык да (мисалы, тыюу салынган сөздөр), ошондой эле жалпы идеологиялык белгилери боюнча да кабылышы ыктымал. Туура бир апта мурун эле Facebook Кремлге ыктаган, бир нече тилде иш алпарган News Front маалымат агенттигинин аккаунттарын өчүрүп салган. Мындай цензураны компаниянын гана эрки катары көрүү жаңылыштык болор, анткени бул инструментти пайдаланууну көпчүлүк өздөштүрүп алды.
Социалдык медиадагы контентти автоматтык көзөмөлдөө алгоритминин маанилүү бөлүгү массалык даттануулар экени эбак аныкталган. Андыктан эч айыпсыз постуңуз үчүн жаза алсаңыз, болду-болбоду, ниети бузуктардын чабуулуна кабылдыңыз.
Балким, Рейхстагдагы Жеңиш туусунун сүрөтү да ушундай чабуулга кабылгандыр. Кайсы бир антироссиялык активисттер жамааттык чабуулду аталган сүрөт тиркелген бир нече постко даттануу менен уюштурган болушу мүмкүн. Натыйжада ал автоматтык көзөмөл алгоритмине кабылып, ушундай посттор дароо өчүрүлсө керек.
Бирок бул жолу чектөө ушунчалык курч жана коомдук маанидеги көйгөйгө айлангандыктан, Facebook тезинен ызаланган адамзаттын алдында актанууга ашыкты.
Мындай нерсе көп кайталанчу болду. Бир ай мурун эле Google YouTube каналына жарыяланган Коммунаркадагы оорукананын башкы врачы Денис Проценконун маегин жана Владимир Путиндин россиялыктарга кайрылуусун өчүрүүгө дааган.
Компания бул видеолорду кайрадан чыгарып, катачылык экенине ынандырган. Бул кадамы алар тарабынан атайын өчүрүлбөгөнүн көрсөтүп, "бир нерседен кетти окшойт" деп түшүндүргөнү чындыкка коошкондой. Бул учурларда кайсы бир адамдар (орустарга каршы көз караштагылар болушу мүмкүн) Россия Федерациясын шакабалап, үлкөн көп миллиарддаган корпорацияларды эптүүлүк менен пайдаланышкандай болду. Жыйынтыгында алардын аброюна аябагандай доо кетти.
Facebook менен Google дүйнөнү жаңыдан багындырып жаткан кезде социалдык медиа адамзатты улутка карабаган катуу көзөмөлгө алары туурасында божомолдор бар эле. Бирок IT-корпорацияларды өз талаптарын аткарууга мажбурлоого мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрү жетишерлик болуп чыкты. Кийин компаниялар атайын уюштурулган же катуу жаңырган "жамааттык пикирге" гана баш ийүүгө аргасыз экени айкын болуп калды.
Бирок жарыяланган материалдарды жаңылыштык менен өчүрүүгө байланышкан жаңжалдардын баары көйгөйдүн башка өңүтүн да ачыкка чыгарды. Анткени катардагы эле айрым пайдалануучулар өз кызыкчылыгы үчүн үлкөн компанияларды манипуляциялоодо реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ экени ачык байкалып калды. Муну менен алардын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп да коюшат. Негизи мындай мүчүлүштүк алардын бул маселеде таптакыр компетенттүү жана натыйжалуу эместигин туюндурат.
15 гана жылдын ичинде социалдык медиа толук эркиндигинен тайып, кескин авторитардык системага өттү. Ушул тапта бардык жагын көзөмөлдөө түзүмү социалдык түйүндөрдүн түптөөчүлөрүнүн башына мүшкүл болчу баскычка жетип калды.