БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган балдардын саны 107ге жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
"16 жашка чейинки балдар арасында вирус жуктургандардын саны — 107. Алардын ичинен бир жашка чейинки бөбөктөр алтоо. 16-19 жаштын ортосундагы улан-кыздар — 24", — деди Акматова.
Бүгүн дагы 26 адам вирус жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 795ке жетти. Алардын ичинен 564 киши сакайып, 10у көз жумду.
Белгилей кетсек, кечээ коронавирус жуктуруп алган дарыгер көз жумган. Ал Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенип келген.
Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.