Бишкекте каза болгон дарыгер коронавирусту кантип жугузуп алганы айтылды

Бүгүнкү күндө өлкөдө 207 медик COVID-19 жуктуруп алган, алардын ичинен 139у айыгып ооруканадан чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Коронавирустун айынан көз жумган Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Жүзүмкан Көкүмбаева ооруну кесиптешинен жуктуруп алган. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өзү иштеген байтапкананын ага чейин коронавирус жугузуп алган медицина кызматкери менен байланышта болгон.

Ал эми Республикалык инфекциялык оорукананын директору Гүлжигит Аалиев дарыгер 24-апрелде ооруканага түшкөнүн билдирген. Анын өнөкөт оорулары да болгон (кант диабети, гипертония, жүрөк оору).

30 жыл иштеген. COVID-19дан көз жумган дарыгер Көкүмбаевага жазылган некролог
Дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева Бишкектеги №5 жана №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда 30 жылдан ашуун эмгектенген. Ал 58 жаш курагында дүйнө салды.

Өкмөттүн коронавирустан жабыркаган медиктерге төлөмдөрдүн тартиби тууралуу чечимине ылайык, дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 207 медик COVID-19 жугузуп алган, алардын 139у айыгып чыкты.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 795ке жетип, анын ичинен 564ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.