Комендант өзгөчө абалдын мөөнөтү бүтсө кайсы ишканалар биринчи иштээрин айтты

Өлкөнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларына жана дагы төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режиминин мөөнөтү бүткөндө биринчи кезекте калктын күнүмдүк жумуштарды аркалап акча тапкан чөйрөсү иштей баштайт. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

"Абалды анализдеп чыктык. Карантин бүтсө, курулуш, автоунаа оңдоочу жайлар, вулканизация, такси кызматтары иштеши керек. Бирок катуу талап менен иштегенге милдеттүү. Маселен, таксиде экиден ашык киши болбошу зарыл. Эскерте кетсек, санитардык-эпидемиологиялык эреже сакталышы кажет. Анда дезинфекция, коргонуучу каражаттарды колдонуу жана аралыктан туруп иштөөгө катуу көңүл бурулат", — деди комендант. 

Мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өзгөчө абал режими токтотулса дагы шаарда жайбаракат жүрүүгө чектөөлөр болорун айткан.

Коронавирустун кесепети

БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.