Өлкөдө бир суткада 23 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыкты

Сакайган бейтаптардын жетөө Ош шаарынан, тогузу Бишкектен жана дагы жетөө Жалал-Абад облусунан. Жалпысынан айыккандар 114 болду.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус Кыргызстанды аралаган 31-күн: абал боюнча акыркы кабарлар
Сакайган бейтаптардын жетөө Ош шаарынан, тогузу Бишкектен жана дагы жетөө Жалал-Абад облусунан.

Учурда вирусту жеңип, стационардан чыгарылган бейтаптардын саны 114 болду.

Бүгүн ошондой эле вирусту дагы 23 киши жуктуруп алганы маалымдалды.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот