Коронавирус кандай температурада өлөт. Адистердин иликтөөсү

Окумуштуулар коронавирустун активдүүлүгү эң жогорку деңгээлге чыккан учур 20-январдан башталып 4-февралга чейин болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Коронавирус +5 градустан +8,72 градус жылуу температурада жана 35-50 пайыз нымдуулукта жугат. Бул туурасында "Известия" Сунь Ятсена (Чжуншань) университетинин изилдөөсүнө таянып жазды.

Адистер коронавирустун активдүүлүгү эң жогорку деңгээлге чыккан учур 20-январдан башталып 4-февралга чейин болорун айтты. Бул мезгил ичинде Кытайда жана дагы 26 мамлекетте вирустун 24 139 учуру катталган. Алардын 68,01 пайызы Хубэй провинциясында деп эсептелген. Адистер ар кыл шаарлардагы вирустун инкубациялык учурун, карантин чараларын эске алган.

Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу
Иликтөөлөр абанын температурасы +8,72 градустан жогорулаганда, вирустун активдүүлүгү дароо түшө баштагандыгын көрсөткөн. Ал эми 30 градус ысыкта инфекциянын тездиги дароо нөл көрсөткүчүнө түшкөн.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.

Андан улам Кыргызстан 14-марттан тарта коронавирус коркунучуна байланыштуу жети өлкөнүн жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салды.

Коңшу Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны алты адамга жетти. Кыргызстан бийлиги учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.