Бүгүн 20 ирет үйлөнүп, 21 балалуу болуп, чүрпөлөрүнүн бири да аман калбаган трагедияны көтөргөн, ага кошул-ташыл болуп көзү көрбөй калган Барпы Алыкулов жөнүндө 15 фактыны сунуштайбыз.
Барпы Алыкуловдун ата-теги, балалык чагы. 1884-жылы күзүндө Жалал-Абад облусуна тиешелүү Сузак районундагы Ачы айылында туулган. Атасы Алыкул, чоң атасы Шаамурза да жарды жашаган, ошон үчүн алардын баласы Барпы да жашынан колунда бар бай-бийлерге жалданып оокат кылган. Мадалы ажы жана Азирети Эшен аттуу кишилердин үйүндө жүрүү аны ислам дини менен таанышууга, ал аркылуу чыгыш поэзиясы жана философиясы менен оозанууга үйрөткөндөй. Тогуз баланы өстүргөн атасынын жамакчылык өнөрү болгон, ошол кишиден балага анча-мынча ырчылыгы жуккан делет. Ал киши болжолу 1904-жылдары өткөн.
Ырчы катары тааныла баштаган. 7-8 жашынан атасынан үйрөнгөн "Залим хандар азабы" деген сыяктуу саясий ырларды элге айта коюп жүрөт, өзүнүн жакыр жашоосун ырга салат, анан тай журтунда жүргөн кезде кадыресе акын катары таанылат. Бул учурдагы ырдагандары кийин китептерине "Жыйындагы биринчи ыр", "Кара башыл эчки", "Пада баккандагы ыр", "Жетим кыз", "Теңдик бир күн жарк этер", "Жетим" дегендей аттар менен кирет.
46 жашында бир ажалдан калган. Агасы Болот 1919-жылы большевиктер партиясынын катарына өтөт, Чаңгет айыл кеңешинде "Союз кошчу" уюштуруп, анын төрагасы да болгон. Аны 1930-жылы (айрым маалыматтарда 1928-жылы) Молдо Жусуп деген басмачы мыкаачылык менен өлтүрүп кетет, Барпыны да өлтүрмөк болгондо кызыл аскерлер куткарып калат. Бул окуя Барпыга катуу таасирин тийгизген. Апыз да "Союз кошчу" уюмуна кошулуп, Кеңеш бийлигин орнотууга, басмачылар менен күрөшүүгө активдүү катышат, агасынан соң Жалал-Абад кантонуна караган Чаңгет айылдык кеңешинде төраганын орун басары болуп, дыйкандар комитетинде төрага болуп иштейт, колхоздун уюштурулушуна көмөктөшөт. Ушул мезгилде "Улуу агам — Ленин", "Бул ырдын аты — Октябрь", "Партия" аттуу ырларын чыгарат. Басмачылардын баскынчылыгын ашкерелеген көлөмдүү "Бото ууру" аттуу поэмасы ошол кездерде ырдалат.
Көзү азиз болуп калат. 1929-жылы катуу ооруп, ошондон кийин эки көзү тең көрбөй калат, мурда да 11 жашынан бир көзү дарт алып, элес-булас гана көрчү, эми эки көзү тең иштен чыгып, жетелетип күнүн көрөт, өзү болсо коомдук иштерди аткарууга жараксыз болуп калат.
Дин адамдарын өзгөчө ашкерелеген. Барпыны динге каршы болгон деп айтышат, жок, андай эмес, ал кудайды, пайгамбарды тааныган. Динге каршы ырдап атеист болгон эмес, мына ушул дин адамдарынын — молдолордун, сопулардын, эшендердин терс сапаттарын ашкерелеген. Себеби ал диний адамдарга жакын болуп жүрүп, айрымдарынын бузуку иштерин көрүп-билген жана алар тууралуу "Алдамчы эшен", "Сук молдо", "Мадалы ажыга", "Эмчилерге", "Эмне бар бул жерде", "Сопу" сыяктуу ырларын чыгарган.
Айтыштын жеңилбес чебери. Ал көптөгөн акындар менен айтышып, бул жанрдын классикалык үлгүлөрүн калтырган. Осмонкул Бөлөбалаев ага "Жарышка түшсө жел менен, жаактуу пенде жеңбеген" деп баа берет. Анын алгачкы айтышы 16 жашында өз кожоюну Назарбай менен болгон. Кийин Жеңижок, Токтогул, Карамурза, Нышан, Эшмамбет, Нурмолдо, Суусаркан, Бала ырчы Сыдык ж.б. акындар менен курган айтыштары акындык талантынын өтө жогорулугун айкындайт.
Элдик чыгармаларды кайра элге берген. Анын айтуусу боюнча элдик фольклордун "Кулмырза жана Аксаткын", "Жалайыр жалгыз" сыяктуу мыкты дастандары жазылып калды. Ал эми "Козуке менен Баян", "Муңдук менен Зарлык" дастандары жарыкка чыкпай турат. Булардын ичинен, мисалы, "Кулмырза менен Аксаткындын" оозеки айтылышы Түштүк Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын кыргыздар жашаган аймактарына кеңири тараган. Ошолордун ичинен мазмуну толугураак, көркөмдүгү жогорураак вариантын Барпы Алыкулов айтып, ошондон 1946-жылы Беккелди Жоробаев деген жыйноочу жазып алып, акындын китептерине кирип жүрөт. Бир гана ушул Барпы Алыкуловдун вариантында Кулмырза мурда үйлөнгөн, аялы бар киши катары айтылат. Дастан — Аксаткын аттуу кыздын арманы, кошогу сыяктанат, бирок толук армандын да, кошоктун да жанрдык белгилерине ылайык келбейт. Аксаткын кыздын сүйгөн жигити Кулмырза кээ бир варианттарда кайнилеринен, кээ бир варианттарында жээндеринен болот. Барпы Алыкуловдун вариантында Аксаткын Кулмырзанын таежеси. Дастан махабаттын улуулугун, сүйүү күчүн даңазалайт.
Дидактикалык чыгармачылыгы. Барпы Алыкулов таалим-тарбияга түздөн-түз үйрөтүүчү дидактикалык маанидеги ырларды көп чыгарган. Ал жаштарды жакшылыкка насааттады, байлыктын адам көзүн караңгылатар касиетин сөз менен айтып берди. "Жакшы кыз", "Өзү каар, тили заар кыз", "Болор жигит", "Болбос жигит", "Эр жигитке сын" деген ырлары таалим-тарбияга түздөн-түз үйрөтүүчү дидактикалык маанидеги ырлардан. Ырчы жаштарды ыры аркылуу терс сапаттардан арылып, оң сапаттарга жетишүүгө үндөйт.
Апыздын ырларын жазып алуу, жарыялоо жана изилдөө. Анын ырларын жазып алуу 1943-жылдан башталат. 1947-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө катары кабыл алынат. Алгачкы жолу "Тандалмалуу ырлар" деген китеби 1949-жылы чыккан. Дал ошол учурда ал бул дүйнөнү таштап кетип жаткан. 1957-жылы Жаки Таштемировдун "Барпы Алыкулов" аттуу китеби жарыяланат. Анын чыгармачылыгын жазып алууда, изилдөөдө Медина Богданова, Гүлжамал Бакинова, Түмөнбай Байзаков, Жаки Таштемиров, Мухтар Борбугулов, Кадыркул Даутов, Сулайман Кайыпов, Болотбек Апилов, Бекташ Шамшиев, Алиаскар Байбосунов чоң эмгек сиңирди. Өзгөчө Кадыркул Даутов "Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү" деген көлөмдүү монографиясында акындын чыгармачылыгын ар тараптуу, терең изилдеген.
Согуш, кымыздык саткан акын, 20 нике. Согуш жалпы элге оор күндөрдү алып келген. Барпы апыз ошол кезде Жалал-Абад темир жол бекетине барып, аскерге кеткендерге арнап ырдап, эл апыздын такыясына акча кыстарчу экен, турмушу оорлоп, эшек менен кымыздык алып келип базарга сатчу экен. Согуштан кийин да базарда ырдап отуруп жан багып жүрүптүр. Жыйырма аял алса да, алардын көбү акындын жокчулук турмушуна чыдабай кетип кала бериптир. Анан калса жыйырма бир балалуу болуп, бирок алар да чарчап кала берген. Соңку Жумагүл деген зайыбынан Бурул аттуу кыздуу болгон. Ачыдан ар жерге көчүп-конуп, Сайда, Беш-Мойнок деген жерлерде күн кечирип жүрүптүр, Өзбекстандагы Кыдырша деген айылга ичкилик тууганы раис Жолдош Балтабаев көчүрүп да кеткен экен.
Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын түзгөн Гүлжамал Бакинованын төмөнкүдөй жазып калтырганы бар экен. Ал 1946-жылы Жалал-Абадда акын Барпы Алыкул уулуна жолугуптур.
Жөөлүп жатат деп көңүл бурулбай калган. Өмүр соңунда Фрунзе шаарында ооруканада жатып калат. Акыркы күндөрү ырдайт, сүйлөйт, бул жөөлүп жатат деп эч ким ал сөздөрүн жазып калбайт. Бул чоң арман болгон. Акыры 1949-жылдын 9-ноябрында Фрунзе шаарында ооруканада каза болуп, 11-ноябрдагы "Кызыл Кыргызстан" газетасына некролог басылат, сөөгү Фрунзеге, "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Ошентип Барпы акын 65 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Ырлары көп таланттардын багына жаралгандай. Анын ырларына ондогон обончулар обон жазып, аткаруучулар өз талант дараметтерин арттырган. Мисалы, "Мөлмөлүм" деген ырын Токтосун Тыныбеков, Малик Аликеев, Мирбек Атабеков, бир топ ырын Апаз Жайнаков ("Буракжан", "Мырзайым"), Роза Аманова "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" аттуу чыгармасын элге алып чыкты. Кезегинде Ош театрындагы коюлган "Барпы" спектаклинде Дүйшөн Байдөбөтов апыздын ролун жогорку чеберчиликте аткарган.