Жылдызы жанган Улукбек. Алтын алгандан кийин рейтинги 32 тепкичке жогорулады

Балбан 23-февралда Нью-Делиде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 61 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунду алып, 20 упай топтогон.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Улукбек Жолдошбеков Индиядагы Азия чемпионатынан алтын байге алгандан кийин өз салмагында (61 кг) 40-орундан 8-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Эске сала кетсек, балбан 23-февралда Нью-Делиде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 61 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунду алган. Бул анын 20 упай топтоп, өз категориясында 8-орунга көтөрүлүшүнө шарт түздү. Ага чейин 40-орунда болчу. 

Белгилей кетсек, Жолдошбеков айрым учурда килемде 57 килограмм салмактагылар арасында да күч сынашып калат. Бирок ар бир ири чемпионатта рейтинг жаңылангандыктан, ал салмакта мурда канчанчы орунда болгонун билүүгө мүмкүн болгон жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-февралда, Индиядагы Азия чемпионатында алтын уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке келген. Спортчу 23-февралда чейрек финалда иран балбаны менен күрөшүп жатканда, көзүнө атаандашынын колу кирип кеткенин айтып берген.

Бүгүн, 25-февралда, адистер балбанга "каректи сыртынан каптап турган айнектей тунук челдин эки каты айрылып кеткен" деген диагноз коюп, көзү 7-10 күн аралыгында өзүнүн калыбына келерин айтышты