БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. 14-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл аймагында 0...-5, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында -2…+3, Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болот.
Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ордо калаада 0...-2, Ош калаасында -1...+1 градус жылуу болот.