Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Кыргызстан кылмыш иштерине аралашып, сот жообуна тартылган премьер-министрлерден жолдуу. Алардын бир катарларына темир тор артына бир топ жылга отурушу керек деген чечим чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жума күнү, 6-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ТЭЦти модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча өкүм чыгарды. Тагыраагы, мурдагы эки премьер-министр — Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга жана Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Тергөө алардан 5 миллиард 439 миллион 527 миң сом өндүрүү өкүмүн кошо чыгарды.

Sputnik Кыргызстан сот жообуна тартылган мурдагы өкмөт башчыларды тизмектеп чыкты. Эске салсак, материал 9-декабрда белгиленип жаткан Коррупция менен күрөшүү күнүнө карата жасалды.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Курманбек Бакиев (2000-2002 жана 2005)

Кыргызстандын экинчи президенти Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде анын бийлигине каршы чыккандарды аттырган окуяда фигурант катары каралган. Жогорку сот аны сыртынан өмүр бою кесип, жаш курагынан улам бул өкүм 30 жылдык абакка алмаштырылган.

Жат болоруң бат беле... Ант-шерттен тайган кыргыз саясатчылары
2015-жылы Башкы прокуратура 2008-жылы үч айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш ишин козгогон. 262,3 гектар жерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн бул токтому мыйзамсыз чыккан.

Бул иш боюнча экс-премьер Игорь Чудинов, мурдагы биринчи вице-премьер Искендер Айдаралиев, Курманбек Бакиев жана анын кичүү иниси Жаныш, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков күнөөлөнгөн.

2017-жылдын соңунда Октябрь райондук соту бир тууган Бакиевдерди 10 жылга эркинен ажыратып, агасын президенттик кызматындагы ишмердүүлүгү үчүн жоопко тартты.

2010-жылдан бери Курманбек Бакиев качып кетип, баш калкалап Белоруссияда жашайт. Азыркы күнгө чейин Лукашенко Кыргызстандын качкын президентин экстрадиция кылуудан баш тартып келет.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Феликс Кулов (2005-2006)

Кыргызстанда төбөсү көрүнүп, бир топ жогорку кызматтарда иштеди. Вице-президент, премьер-министр, ИИМ жана Улуттук коопсуздук министрлигин (УКМ) жетектеди, Бишкек шаарынын мэри жана Чүй облусунун губернатору да болгон.

2000-жылдардын башында УКМде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн сот жети жылга эркинен ажыратты. Андан соң Чүй облусун жетектеп турганда келтирген зыяны үчүн 10 жылга кесүү өкүмү чыккан.

2005-жылы 24-мартта Аскар Акаев бийликтен шыпырылганда Куловду ыңкылапчылар түрмөдөн бошотуп келишти. Андан соң Жогорку сот эки ишти карап, толугу менен актаган. Бакиев президенттикке шайлангандан кийин бир жарым жыл премьер-министрлик тизгин анын колунда болду.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Игорь Чудинов (2007-2009)

Чудинов жогоруда айтып өткөндөй, Бакиевдин иши боюнча соттук иштерге кириптер болду.

Эске салсак, 2015-жылы Башкы прокуратура 2008-жылы үч айыл өкмөтүндөгү айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш ишин козгогон. 262,3 гектар жерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн бул токтому мыйзамсыз чыккан. Ал кезде Чудинов премьер-министр эле. 2017-жылдын аягында Октябрь райондук сотунун чечими менен 5 миллион сомдук айыпка жыгылган. Эске сала кетсек, ушул иш боюнча Курманбек жана Жанышбек Бакиевдер өтүп, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Данияр Усенов (2009-2010)

Курманбек Бакиевдин акыркы премьери Данияр Усенов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Кыргызстанда Усенов алгач кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк 7-апрелдеги адамдарга ок чыгарган окуя боюнча өмүр бою түрмөгө кесилген. Учурда ал да Белоруссияда коомчулуктун күлкүсүн келтирген жагдайда, тагыраагы, Даниил Урицкий деген фамилия менен жашап жатат.

Андан сырткары, кыргыз өкмөтүн башкарган дагы бир нече адам кылмыш ишинин кылтагына илинип, бирок эркинен ажыратылган эмес.

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Николай Танаев (2002-2003)

Николай Танаев тарыхта Акаевдин заманындагы акыркы премьер-министр катары калды. Өкмөттү үч жылча башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин иштен дароо кеткен. Андан кийин Россиянын Пенза облусунун губернатору Василий Бочкарев менен байланышканда, ага кичи мекенине кайтып келүүнү сунуштаган. Айтмакчы, Танаев Кумтөр кени боюнча коррупцияга шектелип, эки ирет издөө салынган.

Алмазбек Атамбаев (2007 жана 2010-2011)

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

Атамбаев президенттик кызматта турганда жана андан кийинки учурларында жалпысынан беш кылмышка тиешеси бар деп күнөөлөнгөн. Жогорку Кеңеш анын экс-президент макамынан ажыратуу боюнча Башкы прокуратурага сунуш бергенден кийин да күнөөлөр тагылган. Алардын бири кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу болгон (Кылмыш кодексинин "Коррупция" деп аталган 319-беренеси).

Эскерте кетсек, суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет жасалып, бирок тарапташтарынын каршылыгынан улам ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, Ички иштер министрлиги операция жүргүзүп, натыйжада Атамбаев багынып берген. Андан кийин 14 иш, анын ичинде Кой-Таштагы окуя боюнча күнөөлөнгөн. Кийин ага дагы бир иш кошулуп, тергөөгө тоскоолдук кылды дешти. Учурда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот жараяны уланууда.

Өмүрбек Бабанов (2011-2012)

Кылмыш кылтагына илинген премьерлер. КР өкмөтүнүн өксүктүү башчылары

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов экинчи орунга чыгып, бирок Кыргызстандан чыгып кеткен соң саясаттан тыш болорун айткан. Ага карата кылмыш иши козголгон.

Анын бири тилинен таап, президенттик шайлоонун алдында добуш берүүчүлөр менен Оштун Амир-Тимур (Он-Адыр) кичи районунда аңдабай сүйлөп алган сөзү болгон. Экинчиси — бийликти күч жана массалык башаламандык менен басып алуу аракети дешкен. Анткен менен экинчи иш токтотулган.

Сапар Исаковдун ишенимден тайганына бир жыл толду. Командасы кайда
Кыргызстанга кайтып келген Бабанов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын сурагында "Кыргызстан" банкынын ишине байланышкан маселе менен үч ирет болгон.

Андан соң август айында ал эки ирет суракка алынган. Биринчисинде Амир-Тимурдагы айткандары, ал эми экинчи ирет бир нече кылмыш иштери боюнча экени айтылган. Саясатчы кайсы иштер тууралуу чакырылганын тактаган эмес.

Ал өкмөт башчы кызматынан 2012-жылы аргымак чыры боюнча кеткен. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Бабановдун түркиялык компания менен түзүлгөн келишимге кол коюп берип, ат белек алганы ачыкталгандан кийин коалициядан чыгып кеткен. Албетте, парламенттик коалициядан башка фракциялар да баш тарткан.