Нарында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгилене баштады. Сүрөт

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Нарын облусунда белгилүү коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чара өттү.  

Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмердин эстелиги ачылып, меймандарга театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү. Ага өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев катышты. 

Буга чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Рух Ордо" комплексине Усубалиевдин эстелиги коюлган болчу.

"Бүгүн кылым жашаган мааракелик салтанатын белгилеп жаткан коомдук партиялык саясий ишмер, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин чейрек кылым биринчи секретары болуп башкарган Турдакун Усубаливдин өмүрү, мамлекет үчүн кылган кызматы биз үчүн өрнөк. Союздун 1960-80-жылдары Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук кайра жаралуунун, гүлдөп өнүгүшүнүн мезгили болду. Буга эң чоң салымды Турдакун Усубалиевич кошкон. Улуу жетекчинин өз өмүрүнүн 70 жылын Кыргызстандын өнүгүшүнө арнаганы өзгөчө белгиленүүгө тийиш", — деген Абылгазиев. 

Облустук академиялык театрда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган коомдук ишмерге арналган республикалык илимий практикалык конференция өттү. Конференцияда академик Абдыганы Эркебаев, филология илиминин доктору Осмонакун Ибраимов баш болгон окумуштуулар Усубаливдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошуп кеткен зор салымдары, саясий мамлекеттик ишмердүүлүгү боюнча баяндамаларды жасашты.

Өлкөнү кыйроодон сактап калган. Турдакун Усубалиев тууралуу айтылбаган 10 факты
Иш-чаранын алкагында Нарын шаарындагы жаңы реконструкциядан өткөн Усубалиев атындагы борбордук аянт жана улуу инсанга арналып тургузулган эстеликтин ачылышы болду. Ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Борбордук аянтты реконструкциялоого өкмөттөн 19 миллион 600 миң сом бөлүнгөн. 

 Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары болуп иштеген. Тагыраагы, Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган. Ал 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында узак оорудан кийин дүйнө салган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулууда.