БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Иссю Сугавара мындан бир нече жыл мурда шайлоочуларга коон таратканы билинип калганы үчүн өз ыктыяры менен отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Буга чейин япониялык ЖМКлар 2007-жылы анын шайлоо алдында иштеген штабы добуш бере турган элге коон жана краб тараткан деген маалыматтарды жазган. Бул эки азык аталган өлкөдө чүйгүн тамак катары баалангандыктан, наркы да кымбат турат.
Парламенттин бюджет боюнча комитетинин отурумунда министр Сугавара чын эле белектер таратылгандыгын жана катчысынан коон таратыла турган кишилердин атайын тизмеси түзүлгөнүн билүүгө убада берген.
Узап бара жаткан жума күнү өкмөттүн отурумунда министр Синдзо Абэге кайрылып, отставкага кетишине уруксат берүүнү суранды. Маалыматтарда анын ордун эми Хироси Кадзияма аттуу аткаминер ээлей турганы кабарланган.
Японияда кылган кызматынан кемчилик кетирсе, бийлик башындагылар токтоосуз отставкага кеткен жакшы тенденция дагы деле сакталып калган. Мындан эки жыл мурда Япониянын жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча министр Масахиро Имамура орунсуз сүйлөп алганын мойнуна алып, отставкага кетүүгө арызын жазган.