Японияда министр жаңылыш сүйлөгөнүн мойнуна алып, кызматынан кетти

© REUTERS / Kim Kyung-Hoon / File PhotoГосударственный министр Японии Масахиро Имамура
Государственный министр Японии Масахиро Имамура - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр үч апта мурда Фукусима кырсыгына байланыштуу суроо берген журналист менен урушуп кетип, ал тургай "бул жакка басып келбегин" деген маанайдагы зекиген сөздөрүн айтып калган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча министр Масахиро Имамура орунсуз сүйлөп алганын мойнуна алып, оставкага кетүүгө арызын жазган. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Бул туурасында миинстр журналисттерге өзү маалымат берген.

Президент Алмазбек Атамбаев Tokyo Rope MFG Co., Ltd компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танаканы жана MITSUI & CO. STEEL LTD компаниясынын вице-президенти Шюджи Мурамацуну кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Япония сел менен кар көчкүдөн сактоочу системаны КРде ишке киргизүүгө кызыкдар
Министр кечээ банкетте 2011-жылы болгон ири цунамиден жабыр тарткан элдин дарегине орунсуз сөз айтып алгандыгын мойнуна алган. Ал аталган жылы жаратылыш кырсыгынын чыгымы 25 триллион иен (227 миллиардов доллар) экенин эске салган учурда "бул Тохоку аймагында болгону жакшы болуптур. Эгерде ал борбор калаага жакын болгондо кырсыктын чыгымы болуп көрбөгөндөй өсүп кетмек" деген.

Масахиро Имамуранын минтип айтканы коомчулук менен оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан. Эске сала кетсек, мындан алты жыл мурдагы цунами кырсыгынан 20 миң адам каза тапкан.

Министрден кийин сүйлөгөн өкмөт башчы Синдзо Абэ Имамуранын айткандары үчүн кечирим сураган.

Үч апта мурда бул министр ошол кезде "Фукусима-1" АЭСинде болгон кырсыктан улам Фукусима префектурасынан башка жайга көчүрүлгөндөрдүн кайтып келиши алардын "өзүнүн баш оорусу" экендигин айтып, бул жааттагы суроо берген журналисттер менен урушуп кеткен. Ал тургай журналистке "бул жакка басып келбегин" деген маанайдагы зекиген сөздөрүн айтууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0