Сентябрдын башында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева кайрадан парламенттин жогорку палатасынын төрайымы болуп шайланды. Ал негизи бул кызматка Касым-Жомарт Токаев президент болгондон кийин 2019-жылдын март айында келген.
Жашынан саясатка аралашкан Нурсултан Назарбаевдин тун кызы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды топтоду.
Тарыхчы. Дарига Назарбаева Казакстанда орто мектепти аяктаган соң Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин тарых факультетине тапшырат. Ал жакта эки жыл окуп кайра Казакстанга которулган. Болочоктогу саясатчы тарых илимдери боюнча кандидаттык ишин, андан кийин саясат таануу боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
Саясатка карай жол. Дарига Назарбаева 1992-жылдан тарта апасы Сара Назарбаеванын "Бөбек" деп аталган кайрымдуулук фонду менен иштеше баштайт. Ал жакта Дарига вице-президент болуп 1994-жылга чейин эмгектенет. Кийинчерээк медиа тармагына өтүп, "Казакстан телевидение жана радиосу" уюмун башкарып, 1998-жылга чейин "Хабар" маалымат агенттигинин жетекчиси болот. 2001-жылга чейин ушул эле агенттиктин жетекчилер кеңешине кирген. 2004-жылы Дарига Назарбаева саясатка аралашып көрүүнү чечет. "Асар" партиясынын атынан депутаттыкка ат салышып, шайлоодо жеңишке жетип, 2007-жылга чейин эл өкүлү болгон.
Ишкерлик. Панама документтерине жарыяланган маалыматтарга ылайык, Назарбаева 2007-жылдан 2012-жылга чейин Asterry Holdings LTD оффшордук компания ээлеринин бири болгон. Бирок бул компаниянын ишмердүүлүгү 2011-жылы токтоп, 2012-жылы сатылып кеткен. Forbes Kazakhstan журналы 2013-жылы Назарбаеванын байлыгын 595 миллион доллар деп баалаган.
Созолонто ырдайт. Дарига Назарбаева бала кезинен чыгармачылыкка жакын экендиги айтылып келет. Университетте жүргөндө эле вокалга кызыгып, аз жерден консерваторияда окуп кала жаздаган. Коңшу өлкөнүн мурдагы президентинин кызы кайрымдуулук концерттерди көп уюштуруп, анда угармандарына созолонто опера ырларын аткарып берет.
Жолдошу абакта каза болгон. Дарига турмушка 1983-жылы 3-октябрда чыккан. Жолдошу Рахат Алиев кесиби боюнча дарыгер. Кезинде Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары болуп, өкмөт аппаратында жана бир нече ири компанияларда эмгектенген. Кийинчерээк Алматынын Салык полициясын жетектеп, элчи болуп, айтор тез арада баш айланткан ийгиликтерди багынткан. 2007-жылы өзү акционер болгон "Нурбанк" ишканасынын жетекчиси уурдалып, буга Алиевди айыпташкан. Көп өтпөй ал кызматын тапшырып, Европага качып кеткен. Кийин эл аралык издөөдө жүрүп, Австриядан кармалган. Бирок европалыктар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоодон баш тарткан. Казакстанда дагы бир нече кылмыш иши козголуп, Алиев Вена шаарындагы түрмөлөрдүн биринде каза болгон.
Дарига Назарбаеванын кичүү кызы Венера 19 жашта. Былтыр Казакстанда үлкөн бизнесмен аталган Чайжунусовдордун бүлөсүнө келин болуп барганын ЖМКлар жазып чыккан.