Сот Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн узартууну кароодо. УКМК алдынан сүрөттөр

УКМКнын тергөө абагында мурунку президенттин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин сот көчмө жыйында карап жатат.
Sputnik

 

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап жатканын жактоочу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Сот Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн узартууну кароодо. УКМК алдынан сүрөттөр

Көчмө жыйын УКМКнын тергөө абагында өтүүдө. Слесаревдин айтымында, отурум тууралуу ал бүгүн эртең менен уккан.

"Атамбаевдин адвокаттары ичкери кирип кетти. УКМК алдында мурунку президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен улуу баласы Сеитбек Атамбаев турат", — деди кабарчы.

Атамбаевдин камакка алынышы

УКМК Бабанов суракта кайсы суроолорго жооп берерин айтты
7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн атайын операция жүргүзүп, Кой-Таштагы үйүнө барган. Бирок максатына жетпей, мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада "Альфанын" бир жоокери каза таап, 140ка чукул киши жаракат алган.

Эртеси күч түзүмдөрү кайрадан операцияны улантып, саясатчы багынып берген. Сот ошол эле күнү аны УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин калтыруу чечимин чыгарган.

Атамбаевге 14 айып боюнча күнөө тагылууда. Адвокаты буга чейин белгилегендей, мурунку президент ага жасалган аракеттердин баарын мыйзамсыз деп эсептегендиктен тергөөнүн бир да суроосуна жооп берген эмес.