Башына таш тийген Чүй ОИИББдин башчысы Курманкуловго экинчи операция жасалды

Атышуудан спецназдын бир жоокери каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы кырдаалдан жаракат алган Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловго жасалган операция аягына чыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Спецназдын араң жан жоокерин элдин коргоп калган видеосу
Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Дал ошол операция учурунда Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Самат Курманкуловго операция жасалып бүттү. Дарыгерлер өмүрүн сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшады. Учурда ал жандардыруу бөлүмүндө, өзүнө келе элек (комада). Өпкөсү жасалма дем алдыруу аппаратында. Дарыгерлер абалын оор деп баалашууда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.