Жыл башынан бери июль айында оголе көп жер титиреди

Быйыл жердин эң катуу силкинүүсү жайдын экинчи айына туура келери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда июль айында тогуз жолу жер титиреген. Бул тууралуу Сейсмология институтунун сайтында жарыяланды.

Баткенде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду
Башкача айтканда, июль айында жыл башынан бери эң көп жер титирөө катталган. Июнь айында жети жолу жер силкинген. Ал эми жыл жаңыргандан тарта өлкө аймагында 46 жолу жер титиреген.

Эң катуу жер титирөө 16-июлда Баткен шаарынын чыгышында 38 чакырым алыстыкта болуп, силкинүүнүн күчү алты баллга жеткен.

Жер эмнеден улам титирей турганын билип алганыңыз ашыкча болбойт.