ИИМ Атамбаевдин Россияга учуп кетиши боюнча үн катты

Мурдагы президент Кыргызстанга бейшемби күнү кечинде кайтып келерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга учуп кетиши боюнча пикир билдирди.

Алмазбек Атамбаев 24-июлда ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти. Ал Кыргызстанга бейшемби күнү кечинде кайтып келерин айткан.

"Алмазбек Атамбаев Жазык кодексинин талаптарына ылайык, тергөө иш-чаралары боюнча күбө катары суракка алынышы керек. Андыктан, биз анын өлкөдөн чыгып кайра киришине тыюу сала албайбыз. Өзү расмий түрдө кайра келерин айтты. Кайтып келгенден кийин суракка өзү келет деген ишенимдебиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Атамбаевди тоспойт
Ал эми көзөмөл органы 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген

27-июнь күнү Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Мындай чечимди 103 депутат жактырса, 6 депутат каршы болгон.

Мындан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагында жайгашкан элдик штабда чогулушкан

Аны милиция күч менен кармап алууну пландап жаткандыгы боюнча дагы ойлор байма-бай айтылган.