Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкты. Сүрөт

Эки ирет ката жазылган диплом тапшырган КММАнын окуу бөлүмүнүн проректору "флешканы басмаканага бергенде тамгалар алмашып калууда" деди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) оңдоп берген дипломдорунан кайра ката чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн бири кабарлады.

Анын айтымында, "легализациялоо" деген сөздү "легализациАялоо" деп ката жазып коюшкан. Ал эми предметтердин аталышын кыргызча жазууда "Чоңдордун курч респиратордук дистресс-синдрому" "Курч респиратордук дистресс - чоңдордун синдрому" деп жазылып калган.

Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкты. Сүрөт

Буга чейин ушул эле дипломдордон "окууга кирди" деген сөз "окуугу кирди" деп ката жазылып, бүтүрүүчүлөр документти кайра тапшырышкан болчу.

Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкты. Сүрөт

"Бүгүн дипломумдун оңдолгондон кийинки вариантын алдым. Айтсам ишенбейсиздер, мында да ката бар экен. Эми эмне кылам, билбейм. Бул — шермендечилик, уят! Канчадан бери бир дипломду тууралап бере алышпайт", — деп нааразы болду бүтүрүүчүлөрдүн бири.

КММАнын окуу бөлүмүнүн проректору Эркин Алымбаев муну техникалык мүчүлүштүк деп сыпаттады. Дипломдорду "Учкун" мамлекеттик ишканасы басып чыгарган.

Усубалиевдин Нарындагы сүрөтү: "Тазалыктын" жетекчиси катуу сөгүш алды
"Басмаканага флешканы берип жатканда тамгалар алмашып кетүүдө. Азыр ар бир бала арыз жазып жатат, бат эле алмаштырып беребиз. Биринчи барактагы "Легализация" менен "окууга" деген катаны оңдогонбуз. Эми экинчи барактан предметтин аттарынан ката кетүүдө. Шарт боюнча тендерге мамлекеттик ишканалар катышышы керек. "Учкун" басмаканасы уткан, алардын тажрыйбасы жок экен. Мурда жеке басмаканаларда мындай көйгөй болгон эмес. Анын үстүнө өзүбүз да шашып калдык. Макетти Билим берүү жана илим министрлиги бекитип берет", — деди проректор.

Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков "Эмнеге мындай мүчүлүштүктөргө жол берилип жатат?" деген суроодон буйтап өтүп, дипломдор убагында алмаштырылып жатканына көбүрөөк токтолду.

"Бүгүн жогорку окуу жайдын жетекчилеринин баарын чогултуп ушул боюнча жыйын өттүк. Бул жалпылап карай турган маселе болуп жатат. Кысталышта калбаш үчүн тендерди эрте баштоо, басмакананы туура тандоо сыяктуу комплекстүү чечим кабыл алынды. Эми баарын убагында жасоо механизмин иштеп чыгабыз", — деди Кожобеков.

Эскерте кетсек, буга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылганы ачыкталып, кылмыш иши козголгон.