Милиция Ысык-Көлдө жоголуп табылган казакстандыктын айткандарын териштирет

Казакстандын жараны 14-июлда жоголуп, 16-июлда табылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Милиция Ысык-Көлдө жоголуп табылган Казакстандын жараны Аркадий Мальковдун айткандарын териштирет.

Казакстандын жараны 14-июлда жоголуп, 16-июлда Кара-Ой айылындагы эс алуучу жайга өзү келген.

Скутеримди төлөп бер! Көлдө жоголгон казакстандык туристке доо коюлууда
Ал өз көрсөтмөсүндө ижарага алган скутери менен көлдүн ортосуна жеткенде майы түгөнүп калганын, эки күн бою скутерде түнөгөнүн айткан

Эми скутерди ижарага берген ээсинин да дооматтары каралмай болду.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирип, атайын чакан амфибия учагы да тартылганын кошумчалаган. Бактыга жараша, ал 16-июлда кечинде аман-эсен табылган.