Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин

Бир кезде Улуттук коопсуздук кызматын жетектеген адамдардын айрымдары мурда-кийин абакка отуруп чыкса, бир катарларына издөө жарыяланды.
Sputnik

Ушул жылдын 15-июлунда Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланганы белгилүү болду. Бусурманкулов 2006-жылы жана 2013-2015-жылдар аралыгында УКМКнын жетекчиси болуп иштеген.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кылмыш иши козголгон УКМКнын мурдагы жетекчилерин тизмектеп чыкты.

Феликс Кулов

Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин

Аткаминер мурдагы президент Акаевдин жакын шакирти катары вице-президент, Улуттук коопсуздук министри, Бишкек мэри кызматтарын ээлеп келген. 2000-жылдагы президенттик шайлоо алдында Кулов оппозицияга оогонун жарыялаган.

Ал 2001-жылдын башында камакка алынып, аскер соту Кулов улуттук коопсуздук министри кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деген күнөө тагып, жети жылга кескен. 2002-жылы райондук сот Кулов Бишкек мэри болуп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айыпты кошумча тагып, баш-аягы он жылга эркинен ажыратылган.

Генералдар парады. Бир күндөн төрт жылга чейинки министрлик креслолор
2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги бийлик кулатылган соң Кулов түрмөдөн чыгарылып, үч күн бою Бишкекте тартипти орнотууга баш-көз болгон. Бул анын эл ичинде кадыр-баркын жогорулата алган.

2005-жылы 7-апрелде иши кайрадан каралып, Жогорку соттун чечими менен толук акталган. Басылмалар Кулов көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп саясий жүйө менен соттолгон адам деп таанылып, аны БУУнун Адам укуктары боюнча комиссия күнөөсү жок деп тапканын жазышкан.

2005-жылы 10-июлда президенттик шайлоодо Феликс Кулов менен Курманбек Бакиев негизги талапкерлер болгон. ЖМКлардын жазышынча алар тандем болушкан. Тагыраагы, Бакиев президент, ал эми Кулов премьер-министр болот. Аткаминер өкмөт башчы болуп бир жыл гана иштеген.

Мурат Суталинов

Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин

Экс-президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда башкы чекист болуп турган (Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы) Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон.

Сот жараяндары жүрүп жаткан мезгилде бөйрөгү рак болгону үчүн алдырып салган. Операция жана химиялык нур менен дарылануу учурунда үй камагына чыгарылган. Ошондой эле астма жана айыккыс эки илдет менен жабыркаарын билдирген. Жогорку сот аны 20 жылга кескен.

Ушул жылдын 7-майында Бишкек шаардык соту Суталиновдун ишин карап, аны илдетине байланыштуу сот залынан бошоткон. Тагыраагы, үй камагына чыгарылган.

Шамил Атаханов

Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин

Ушул жылдын 21-майында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча ошол кездеги вице-премьер-министр, мурдагы башкы чекист Шамил Атаханов кармалган. Кармалгандан беш күндөн кийин №1 тергөө абагына киргизилгенин маалымдашкан. Бирок тергөө менен иштешүүгө даярдыгын билдиргени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 7-июнь күнү үй камагына чыккан.

ИИМ Шамил Атаханов суракта Алмазбек Атамбаев президент кезинде кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга тапшырма берген деп көрсөтмө бергенин билдирген.

Шамил Атаханов 2011-2012-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болгон.

Бусурманкул Табалдиев

Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин

Аткаминер 2006-жылы жана 2013-2015-жылдар аралыгында УКМКнын жетекчиси болуп иштеген. Ага үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Ал кезде Бусурманкул Табалдиев Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеп турган.

ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Ошентип, Кыргызстандын тарыхында кримтөбөл үчүн мамлекеттин коопсуздук кызматынын эки жетекчиси жоопкерчилиги каралган жагдайга чалдыгып отурат.

Батукаевдин иши

Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Эске салсак, Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Ушундан кийин Азиз Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп шектелген дарыгер, сот, аткаминерлер биринен сала бири кармалууда.