Токаев: Кыргызстан ШКУ саммитине мыкты төрагалык кылууда

Токаев катышуучуларды терроризмге каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине төрагалык кылуунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн жыйындын кеңейтилген форматы учурунда билдирди.

Токаев катышуучуларды ШКУнун мүмкүнчүлүктөрүн колдоого, бекемдөөгө, башка уюмдар менен болгон мамилени чыңдоого жана биргеликте терроризмге каршы күрөшүүгө чакырды.

"Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине төрагалык кылуунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгилегим келип жатат. Биргеликте ШКУну эл аралык деңгээлдеги беделдүү уюмга айландырабыз деп ишенем", — деди Токаев.

Си Цзиньпин кыргыз макалын мисал келтирип сөз сүйлөдү
14-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтүп жатат. Кыргызстанга тогуз президент жана эки премьер-министр келди. Саммиттен кийин төрагалык милдет Россияга өтөт.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саммиттен тексттик транляция жүргүзүп жатат.