БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Радиоактивдүү элементтерди, анын ичинде уранды геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Токтом 2019-жылдын 2-майында чыккан жана ал "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" деп аталат.
Ал эми маалыматта радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбай турганы айтылган.
Уран чыры
Уранды чалгындоого "ЮрАзия в Кыргызстане" деп аталган компания 2010-жылы лицензия алган. Алар ишти андан ары улантып, кенди казуу иштерин баштоону пландаган. 25-апрелде биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов жергиликтүү эл менен жолугуп, ишкананын лицензиясы чакыртып алынганын кабарлаган. Анткен менен 27-апрелде иштин жагдайы мындай болбогондугу айтылган.
Майдын башында парламент уран казууну токтотуу туурасында токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков да өлкөдө уран казылбай тургандыгын айткан.