Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Атасы тактыга келери менен бул кыздардын мурдагы бейкапар жашоосу бүтүп, баскан-турганы элдин "сүйүктүү темасына" айланган.
Sputnik

Адатта өлкө башчылардын кыздары коомдук жашоого активдүү катышат. Бири кайрымдуулук, экинчиси бизнес кылат. Дагы башкасы китеп жазат дегендей.

Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары
Бирок бүгүн саясий активдүүлүгүн көрсөтүп, атасынын үйдө гана эмес, сырттагы ишенимдүү адамына, оң колуна айлана алган кыздар тууралуу кеп кылабыз.

Борбор Азияда буга чейин эл оозуна алынган канбийкелердин эң көрүнүктүүлөрү — Бермет Акаева менен Гүлнара Каримова болгон. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тун кызы депутаттык мандатка чейин жеткен, бүгүнкү күндө чет өлкөдө жашайт.

Ал эми Ислам Каримовдун кызы тышкы иштер министринин орун басары, элчилик кызматтарды аркалап жүргөн кезинде саясат таануучулар аны атасынын мураскери катары сыпаттай башташкан. Азыр ал коррупциялык иштерге айыпталып, Ташкенттин жанындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан кез.

Дарига Назарбаева

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үч кызы тең элге таанымал. Бирок атасынын изи менен тун кызы Дарига келе жатат. Жашыраак кезинде кайрымдуулук фондун, бир нече ЖМКларды жетектеп келсе, 2015-жылы өкмөт башчынын орун басары болуп дайындалган. Учурда казак парламентинин төрайымы. 56 жашта, үч баланын энеси. Саясий илимдердин доктору, тарых жана экономика илимдеринин кандидаты. Буга чейин, тагыраагы, Nur Otan партиясы Касым-Жомарт Токаевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнгө чейин Назарбаева кийинки президент деп божомолдонуп жүрчү.

Озода Рахмон

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Тажик лидери Эмомали Рахмон биздин чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча көп балалуу президенттердин бири. Анын тогуз баласы бар. Ичинен экөө кызмат жагынан баш айланткан ийгиликке жетишкен. Алардын бири 41 жаштагы Озода Рахмон президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Жубайлардын беш баласы бар.

Саида жана Шахноза Мирзиёевалар

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки кыз, бир уулдун атасы. Саида менен Шахноза коомдук турмушка активдүү катыша баштады. Мисалы, кичүү кызы Саида апрель айында республикадагы Маалымат жана массалык коммуникация боюнча агенттиктин директорунун орун басарлыгына дайындалган. Көп өтпөй атасынын өлкөнү өнүктүрүү боюнча демилгелерин толугу менен колдой турганын айтып, социалдык тармактар аркылуу элдин кеп-кеңешин сураган

Президенттин кичүү кызы Шахноза Мектепке чейинки билим берүү министрлигине караштуу башкармалыктардын бирин жетектейт. Ал дагы билим берүү тармагындагы коомдук иш-чараларга активдүү катышат.

Иванка Трамп

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Дональд Трамп президенттик тактыга жаңы отурган айларда саясий серепчилер биринчи айымдын ролун өлкө башчынын кызы Иванка Трамп аткарат деп так кесе айтып келишкен. Анткени ал учурда Трамптын жубайы Мелания Вашингтонго көчүп келүүдөн баш тартып жүргөн. Иванка Трамп чындап эле абдан активдүү, өзүн эл алдында туура алып жүргөндү тыкыр өздөштүргөн айым. Өзүнүн Ivanka Trump деп аталган кийим-кечектер брендин негиздеген. Бирок 37 жаштагы канбийке бизнесин жыйыштырып, 2017-жылы атасынын ассистенти болуп жумушка кирген. Былтыртан бери расмий түрдө президенттин кеңешчиси болуп иштеп келе жатат.

Кинга Дуда

Менин атам — президент! Саясатта атасынын оң колуна айланган кыздар

Польшанын президенти Анджей Дуданын кызы Кинга өлкөдөгү эң көп талкууланган адамдардын бири. Ал 2015-жылы 20 жашында атасынын президенттик шайлоонун алдындагы кампаниясына абдан активдүү катышып, эл оозуна алынган. Анын ачык-айрымдыгы жана шайлоочуларга чын дили менен жасаган мамилеси журналисттерди кайдыгер калтырган эмес. Азырынча аны кайсы бир саясий кызматтан көрүүгө эрте. Анткени ал окуусун бүтө элек, юридикалык окуу жайлардын биринде билим алууда. Бирок саясий маркетинг боюнча адистер атасы катышкан президенттик шайлоодо жаштардын басымдуу бөлүгү дал ушул Кингага добуш берген деп божомолдоп, атасынын президенттикке өтүшүнө салымы тоодой деп эсептешет.