Азыр ал Перс булуңундагы мамлекеттерде режиссёр, продюсер кызматын аркалап келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы мекендешибиз менен маек курду.
— Алгачкы суроо, Кыргызстан менен Кувейттеги журналистиканын кандай айырмачылыгы бар?
— Айырмасы өтө эле чоң. Мен жаштарга жок дегенде бир же жарым жыл четке чыгып жашап көрүп келгиле деп кеңеш берет элем. Анткени өлкөдөн чыкпай эле жашай берсе, ал адамга өз эли, жери жакпай, сындап эле отуруп калат. Мен жумуш менен көптөгөн өлкөлөрдүн айыл-кыштактарына чейин кыдырып, түрдүү элдин жашоо шартын көрдүм. Ошондо кыргыз элин башка улуттарга салыштырып, биздин калк момун экен, айрым элдерге караганда жакшы жашайт экенбиз деп калдым. Перс булуңундагы Катар, Кувейт, Бахрейн, Оман, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары бири-бирине көпчүлүк жагынан окшош. Ал эми Кувейттеги журналистика тармагы боюнча сөз кылсам, анын аты эле бар, өзү жок. Аларды дүйнөлүк эмес, Кыргызстан менен да салыштырууга кыйын. Ал жакта журналист бийликтин жасаганы боюнча отчёт бере турган кызматкер катары эле саналат. Өкмөттүн сөзүнөн чыкпай, сын деле айта алышпайт, журналистикалык иликтөө жок, мүмкүнчүлүктөр өтө эле чектелүү. Жада калса жөнөкөй эле жарандар оюн ээн-эркин айта алышпайт. Аларга караганда бизде абал бир топ эле жогору. Көп мамлекеттерге барып жүрөм, биздегидей эркиндикти эч жактан көрө элекмин. Мен тааныган бир журналист интернеттен Сауд Аравия менен Бириккен Араб Эмираттарындагы бийликтин айрым иштерин сындай коюп 25 жылга соттолуп кетти. Азыр ал Улуу Британияда качып жүрөт. Сөздүн кыскасы, мамлекет телеканал, газеталарды гана эмес, социалдык тармактарды да көзөмөлгө алып койгон. Журналисттер өкмөттүк чоң маселелерге кийлигише албайт, араб кесиптештер майда-чүйдө иштер менен алек.
— Ал жакта журналистика бийликтин төртүнчү бутагы деген түшүнүк жок экен да?
— Андай түшүнүк жок. Жергиликтүү элдин каада-салты, аң-сезими, түшүнүгү ошондой болуп калган. Бирок аны "жаман" деп да, "жакшы" деп да айта албайсың. Кувейттиктер бир нече жыл мурун өз башынан согушту өткөргөндүктөн, алар тынчтыкты, туруктуулукту эңсеп турат. Эл өзү эле чыр-чатак кылып көчөгө чыккысы келбейт. Себеби аларга акыркы жылдары коңшу өлкөлөрдө болгон окуялар чоң сабак болду.
— Ошондо Кувейтте сырттан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жокпу?
— Алар бар. Бирок ал ЖМКлар деле мамлекеттер ортосундагы алаканы бузуп албайлы деп абайлап иштешет.
— Түшүнүктүү. Эми сиз көптөн бери эмгектенген жарнама тармагы боюнча сөз кылалык. Иштеген жериңиз жөнүндө айта кетсеңиз.
— Перс булуңунда биздин рекламалык агенттик эң ири фирмалардын бири болгондуктан акыркы техникаларды колдонот. Башкалар тарта албагандай роликтерди даярдоого аракет жасайбыз. Өзгөчөлөнүш үчүн дрондун, камеранын, крандын түрлөрүн колдонобуз. Антпесең башкалардыкындай эле болуп калат. Андан сырткары, акча каражатын аябастан аянтчаны кино тартчудай эле жасап чыгабыз.
— Бир рекламалык ролик канча убакытта тартылат жана баасы канча?
— Көбүнчө 30 секунддук, бир мүнөттүк роликтерди даярдайбыз. Бир рекламалык ролик 10 миң доллардан башталат. Негизи баалар сценарийге, катыша турган актёрлордун белгилүүлүгүнө, тартыла турчу жерлерге жараша да өзгөрөт. Кээде бир видеону тартыш үчүн 4-5 мамлекетке барышыбыз керек болуп калат. Катарда чоң уюм ачылып, иш-чарага бир мүнөттөн кичине ашыгыраак жарнамалык ролик буйрутма беришти. Биз аны ондон ашык мамлекетке барып, бир жылдан ашык убакытта тарттык. Ар бир мамлекетке кайсы учурда, мезгилде барып тартуу керектигин тактап иштедик. Кыргызстанда ак кар баскан тоонун башында 5-6 адамды ат мингизип тартып видеого киргиздик.
— Анан канча каражатка тартып бердиңиздер?
— Аны айта албайм го. Бирок баасы аябай эле кымбат болгон.
— Арабдар акчасын рекламага такыр аябайт окшойт же сиздер акчага баалана турган деңгээлде тартып бересиздерби?
— Биздин агенттиктин кардарлары ошондой жана алар өзгөчө шарттарды коюшат. Анан башкалар тарта албагандай кылып жасашың керек.
— Кичи мекениңизде эс алуу кандай өтүп жатат, Кыргызстанга бат-баттан келип турасызбы?
— Эмне себептен Кыргызстанда тартуу иштерин байма-бай аткара баштадыңыздар?
— Биз негизинен буюртма менен жарнама, телеберүү, даректүү тасмаларды тартабыз. Акыркы кезде тартуу иштери көбүнчө Кыргызстанда ишке ашырыла баштады. Себеби табият айрым фильмдерге ылайыктуу болуп жатат. Андан сырткары, арзан жана керектүү адистерди өзүбүздөн эле тапса болот экен. Америкадан, Россиядан ЖОЖдорду бүтүп келген күчтүү адистер бар тура.
— Кыргызстанды араб өлкөлөрүнө жакшы эле жарнамалап жатыпсыздар да?
— Эми Кыргызстанды түзмө-түз жарнамалаган жокпуз. Бирок жаратылышын, элин көрсөтөбүз.
— Реклама тармагында көп жылдан бери иштеп келген адам катары жаш кесиптештериңизге кандай кеңеш бересиз?
— Кыргызстанга келүү планыңызда барбы?
— Ачыгын айтайын, мен Кыргызстанга эчак эле келмекмин, баары бир табият, тамак-аш, элибизге эч бир жер жетпейт экен. Бирок мекенимде өзүмө ылайыктуу, мен каалаган жумушту таба албайм. Бул айлыкка гана эмес, жумуш ордуна да келип такалат. Жада калса өзүң фирма ачып иштесең да актабайт. Аны да баштан өткөрдүм, болбойт экен. Ошон үчүн сыртта иштеп жүрөм. Балким, кийин бизде кино тармагы өнүксө келип иштээрмин.