ОШ, 25-апр. — Sputnik. Ошто улуттук чүкө оюнунун айкүр түрү боюнча республиканын чемпионаты башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Турнир Ош мамлекеттик университетинде өттүдө. Ага жети дубандан, ошондой эле Ош шаарынан өкүлдөр катышып жатат. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу байгелер менен сыйланмакчы.
Спорттук иш-чаранын ачылышына дене тарбия жана спорт боюнча шаар башкармалыгы, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациянын өкүлдөрү катышты. Чемпионаттын башкы калысы Айкүр федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев болду.
Айкүр — кыргыздын чүкө оюнунун бир түрү. Бильярдга окшошуп кетет, бирок кийдин ордуна колдун манжасы пайдаланылат. Айта кетсек, чүкө оюнунун 20га чукул түрү белгилүү.