Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Кыргызстандын борбору Бишкек аталып калышынын себеби ар бир адамга кызык болсо керек. Санжырадагы маалыматтарда Бишкек аттуу инсан мындан 4-5 кылым мурда жашаган. Тарыхчылар аны көчмөн кыргыз элине чарбалык маданиятын киргизгени үчүн баатыр катары сыпаттаса, кийинки муун аны найза, кылыч көтөргөн кадимки баатыр катары элестетет деп айтышат.
Sputnik

Sputnik маалымат агенттиги Бишкек баатыр тууралуу фактыларды чогултту.

Материалды даярдоого Бишкек баатырдын тарыхый ордун аныктоо боюнча сынактын жеңүүчүсү, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Рыскул Жолдошев жардам берди. Ал Илимдер академиясынын Тарых институтунда кыргыз элинин келип чыгышын иликтейт.

Фрунзе Бишкекке айланганда

Совет мезгилинде, тагыраагы, 1926-жылдан тарта Кыргызстандын борбору аскер ишмери Михаил Фрунзенин атынан Фрунзе деп аталып келген. Эгемендүүлүк алгандан кийин борбордун тарыхый атын кайтаруу аракети жүрөт. Мурда Фрунзе шаары Пишпек же Бишкек аталган деп талашып жатып, акыры Бишкекке токтолушат. Андан кийин "Бишкек" деген сөздүн этимологиясына кызыккандар жаралат. Бул боюнча тарыхчы, философ, адабиятчы, коомдук ишмерлерден тарта карапайым адамдарга чейин жазышкан. Алгач 70-жылдары казак топонимдерин изилдеген окумуштуулардын бири "пиш кек" же "пиш пек" деген сөз "беш бийик", "беш бийик тоо" дегенди түшүндүрөрүн айтат. Айрымдары "беш бек" деген сөздөн келип чыкты, "бул жакта мурда беш бек жашаган болушу мүмкүн" деген пикирлерин да айтат. Ирандын "биш гүх" же бизче "учтуу тоо" дегендер да болот. Дагы бирөө калмактын "бийик тоо" деген сөзүнөн чыккан дейт. Булардын баары адамдын логикалык ой жүгүртүүсүнөн келип чыгып, ал илимде элдик түшүнүк деп аталгандыктан кабыл алынган эмес. 

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкектин коргону шаарга айланганда

Кыргыздын оозеки чыгармаларында Бишкек баатыр тууралуу уламыштар айтылып келет. Анда көчмөн кыргыз мал менен жүргөндө Бишкек эгин эгип, дыйканчылык кылып, устакана ачып, там салып, коңшу элдер менен соода-сатык иштерди жүргүзгөнү айтылат. Бишкек көз жумарда балдарына керээз катары "мени ушул жерге койгула, аш берип, анан коргон салгыла" деп айтат. Балдары керээзин аткарып чоң коргон салып, ал бара-бара Бишкектин коргону болуп калат. Беш баласы атасынын жолу менен чарбачылыкты улантып, кербендерди кабыл алып турган. Соодагерлер "Бишкектин коргонуна бардык, Бишкекке бардык" деп айтышат. Убакыттын өтүшү менен адамдар отурукташып, коргон кыштакка, андан кийин шаарга айланат. Кокон хандыгы учурунда бир катар чептер курулуп, анын ичинде Бишкек чеби да болгон. Кийин орус аскерлери келип, өз тилине ылайыктап Бишкекти Пишпек деп атап алышат. 

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкек тарыхый инсанбы?

Уламыштардан тышкары 1930-жылдары Алыкул Осмоновдун "Бишкектин легендасы" деген китеби, 1970-жылдары Шаршенбек Үмөталиевдин "Пишпек баяны" аттуу макаласы жарык көрөт. Бишкектин реалдуу инсан экендигин айгинелей турган пикирлер жаралат. Орус документтеринде Бишкек тууралуу маалымат жок. Бир гана кыргыздын оозеки чыгармаларында жана санжырада бар. Санжырада анын солто уруусунан чыккандыгы, Солтонун баласы Чаа, андан Жоочалыш, анан Кенен, анын баласы Бишкек экендиги айтылат. Бишкектин Түлөберди, Эсенгул, Канайлар (17-18 кылымдарда) менен замандаш болгону да белгиленет. Ал колунда жок болгондуктан жер иштетип, ишкерлик кылат, устакана, там салат. Учурунда манаптар менен теңата чыгып, өз пикирин билдирип турганы айтылат. Урпактарынын оозунан алынып жыйналган маалыматтар Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда 1921-жылдан бери сакталуу. 

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкек баатырбы же чарбачыл адамбы?

Сулуулугу аңызга айланган, өлүмү сырдуу Акмөөр... Тарыхый инсан тууралуу 6 факты
Жергиликтүү эл Кыргызстанга келген орустарга да Бишкек тууралуу уламыштарды айтып берет. 1876-жылы гезитке Бишкек тууралуу макала даярдап, шаар анын атын алып жүргөндүгү тууралуу жазышат. Фактыны даярдоого жардам берген Рыскул Жолдошев белгилегендей, 90-жылдары тарыхчылар бул уламышты так маалымат катары жазып салышат. Жазуучу Асанбек Стамов аны калмактар менен согушкан баатыр деп көркөмдөп, "Туу жыгар" атап, "Бишкек баатыр" деген китеп жазат. Тарыхчы Өскөн Осмонов көркөм чыгарманы тарыхый очерк кылып жазат. Мындан улам эл арасында Бишкек баатыр деген түшүнүк тарайт. Уламыш, санжырада, жада калса урпактары айтып берген маалыматта анын баатырлыгы тууралуу маалымат жок. Бишкек жунгар, калмак доорунан кийин тынч убакта жашаган киши. Жер талашканда казак-кыргыз чабыштарына катышышы мүмкүн, бирок Осмоновдун варианты боюнча Цинь империясынын баскынчылыгына каршы турганы чындыкка дал келбейт. Себеби Цинь империясы менен кыргыздар эч качан согушкан эмес. Тарыхчы Василий Бартольд 1893-1894-жылдары Кыргызстанга келгенде ага тургундар "шаардын четинде Бишкек атанын чеби бар" деп айтып беришкен, мындан улам мурда кыргыздар Бишкекти "ата" деп айткан деп болжолдоого болот. Жолдошевдин айтымында, Бишкек өз учурунда кыргыздарга чарба маданиятын тараткан, соода кылган, коргон салдырганы менен тарыхта калды. Аны найзакер, кылыч көтөргөн адам эмес, эмгеги менен баатыр атанган, баба дыйкан деп айтуу туура болот. 

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкек деген ысым эмнени билдирет?

Уламыштарга таянсак, бишкек жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк экендиги айтылат. Бишкектин энесинин толгоосу сабадагы кымызды бишкек менен бышып жатканда башталат. Ушундан улам балага Бишкек деген ат коюлат. Бишкектин энеси Кубул (Көпуул) кадимки "Олжобай менен Кишимжан" дастанындагы Олжобайды өлтүрткөн жедигер уруусун бийлеген Канкочкордун уулу Кудакенин кызы экендиги айтылат.

Бишкектин атасы Кенен баатыр менен Кудаке бий абдан жакшы мамиледе болгон. 45 жашка чейин көргөн уулдарына ичи чыкпаган Кенен тектүү жедигерден үйлөнсөм, тукумум өсөт деген ниетте Кудакенин кызынын колун сурап, ага үйлөнгөн. Кенен баатырдын тилеги кабыл болуп, Кубул болочок баатыр Бишкекти төрөгөн. 

Бишкек баатырдын урпактары тууралуу

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарыхтагы белгилүү адамдардын укум-тукумдары тууралуу материал даярдаган, анда өзүн Бишкек баатырдын сегизинчи урпагы деп атаган Жамиля Алымбекова тууралуу да жазылган. Ал "Бишкек баатыр" коомдук бирикмесин жетектеп келет.

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Манастын 40 чоросу жөнүндө фактылар. Алар кимдер, максаты, орду жана озуйпасы
"Бишкек баатыр менин жетинчи атам. Андан бери Баймурат, Карачолок баатыр, Шопок баатыр, Курманаалы, Алымбек жана өз атам Сарман болот. Бишкек баатырдын урпактары Сокулук, Түз, Чат-Көл, Талас, Ысык-Ата жана Бишкекте турат. Атабыздын аркасы менен өзүм да тарыхка кызыгып калдым. Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинде, БШКда, ЖКда иштеп жүрүп 2012-жылы пенсияга чыккам. 2011-жылы "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси түзүлдү. Биринчи жетекчиси Эсенгелди Асылкулов беш жыл ичинде көп иштерди жасады. Ал каза болгондон кийин фондду мен жетектеп калдым", — деп айтып берген Алымбекова.

Анын айтымында, Бишкек баатыр 1700-жылдары Аксы, Ала-Бука өрөөнүндө туулуп, Чүй өрөөнүндө отурукташып, 74 же 87 жашында көз жумган. 

Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкекте Бишкектин эстелиги жок

Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек?
Таң калыштуусу, борбордун өзүндө Бишкек баатырдын айкели орнотула элек. Бул боюнча 2012-жылдан бери "Солто" жана "Бишкек баатыр" коомдук бирикмелери демилге көтөрүп келген. 2018-жылы шаар мэриясы тарабынан Бишкек баатырдын эстелигин иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыяланып, ага жалпысынан 18 иш келип түшүп, тандоочу турга беш эскиз тандалып алынган. Андан кийинки жыйынтыгы азырынча белгисиз. Бишкек баатырдын айкели Бишкектеги Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишине коюлары айтылган. Редакция эстеликтердин эскиздери боюнча материал даярдаган.
Бишкек баатыр эмес, чарбачыл, ишкер болгон. Санжырадагы инсан тууралуу 8 факты

Бишкек шаарына 141 жыл

Бишкек шаары 1878-жылы негизделген деп айтылып келет. 2018-жылы 29-апрелде Кыргызстандын борбор шаарынын 140 жылдыгы белгиленген. Бул күнгө майрамдык программалар, концерттер жана башка көңүл ачуучу иш-чаралар, спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Ошондой эле редакция дагы тарыхый материалдарды жасаган.