Чыгарма Сталиндик сыйлыкка татып, улуттук адабиятыбызда мурда болуп көрбөгөн улуу жеңишти алып келген. Роман бир нече чет тилге которулду, жазуучунун да аброю өстү. Чыгарма тууралуу 10 факты сунушталат.
Роман сегиз жылдан соң гана китеп болуп жарыяланган. Түгөлбай Сыдыкбеков "Биздин замандын кишилерине" чейин "Кең-Суу" романынын биринчи, экинчи китептерин жазып, "Темир" романын жарыялап, кыргыз журтчулугуна ири эпикалык жанрдын бирден-бир чебери катары таанылып калган. "Биздин замандын кишилерин" 1943-жылдын башында жаза баштаган, айрым үзүндүлөрү "Советтик Кыргызстан" (кийинки "Ала-Тоо") журналына жарыяланган.
Китеп чыга электе талкууга түшкөн. Романдын журналга чыккан үзүндүлөрү кыргыз жазуучулары менен адабиятчылары тарабынан талкууланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунда негизинен көп сын пикирлер айтылган, ошон үчүн да Сыдыкбеков китебин Фрунзеден кыргызча бастырган эмес.
Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын ичинен эң биринчи СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. "Биздин замандын кишилери" романын чыгарган басма өзү китепти Сталиндик сыйлыкка көрсөтүп, аны автор 1949-жылы алган. Бул окуя кыргыз асманында чагылгандын жаркылдашындай эле болгон. Ал учурда (1941-1954-жылдарда) СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы Сталин атындагы сыйлык деп аталчу жана үч даража менен белгиленчү. Кийин бул сыйлыкка, 1950-жылы Алыкул Осмоновдун "Мой дом" деген жыйнагы, 1952-жылы Касымалы Баялиновдун "Көл боюнда" повести көрсөтүлүп, бирок ала албай калышкан. 1957-1991-жылдарда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы аталып, даражасы Лениндик сыйлыктан кийинки орунда турган. Тарыхта кийин кыргыз жазуучуларынан бир гана Чыңгыз Айтматов үч жолу татыктуу болгон. Демек, бул сыйлыкты кыргыздардан эң биринчи болуп Түгөлбай Сыдыкбеков алган. "Биздин замандын кишилери" романынын Сталиндин атындагы сыйлыкка жетишүүсү, анын авторун коргоп гана калбастан, анын көптөгөн тилдерге которулушуна шарт түзгөн, ошол эле кезде экинчи жагы айрым кыргыз жазуучуларынын көрө албастыгын ойготкон.
Сталинге жаккандыгы айтылып келет. Такталбаган маалыматтар боюнча романдын орусча сөзмө-сөз котормосун сыйлык берерде Сталин өзү окуп чыккан экен. Анан жардамчыларынан "бул киши партияга мүчөбү" деп сураптыр. Коммунист эмес экенин билген соң "партияга тез кабыл алгыла" дегени айтылып келет. Бирок жазуучу партияга өтпөй, өмүр бою "безпартийный" болуп жашады.
Роман кыргыз айылын дүйнөгө таанытты. Кыргыз адабиятындагы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына чейин чет тилдерге эң көп которулган чыгарма ушул роман болгон. Орус тилинде "Люди наших дней" деген ат менен 1949, 1950, 1951, 1955, 1957, 1987-жылдарда көп нускада басылат. Латыш (1949), казак (1950), өзбек (1951, 1952, 1953), украин (1953), түркмөн (1958), литва (1958), тажик (1959), азербайжан (1962), румын (1951), венгер (1951), поляк (1951), чех (1951), словак (1952), кытай (1956, 1959), болгар (1958) ж.б. тилдерде китеп болуп чыгат.
Кытайга кеткен жазуучунун инилери роман менен алгач казак тилинде таанышкан. Сыдыкбековдун Кең-Суудагы туугандарынын бири, кийин таанымал жазуучу болгон Аман Саспаев Пекиндеги Борбордук улуттар институтунда окуп жүрүп, китепканадан Түгөлбай Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романынын казак, "Тоо балдары" романынын уйгур тилиндеги котормолорун таап, ошолордон өз айлынын картинасы менен бөтөн жерде, бөтөн тилдерде таанышкан.
1956-жылдагы талкууга жем таштаган. "Ала-Тоо" журналынын 1956-жылдын июль айындагы санына Аалы Токомбаевдин "Бетме-бет кеңири кеңешели" деген макаласы жарыяланып, "Биздин замандын кишилери" романы катуу сынга алынган. Ошондон кийин Кеңешбек Асаналиев, Киреше Иманалиев, студент Камбаралы Бобулов бул чыгарма тууралуу ойлорун ортого салган. Журналдын №12 санына Сыдыкбековдун "Аалы Токомбаевге ачык кат" деген макаласы басылган. Бул роман ошол жылдарда кыргыз адабиятынын тарыхындагы кызуу талкуулардын бирине жем таштагандыгы менен да эсте калган.